» Саясат » Мэр Айбек Жунушалиев долдурап алып, көп нерсени түшүнбөйт экен
Мэр Айбек Жунушалиев долдурап алып, көп нерсени түшүнбөйт экен
03-май, 20:37
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мыйзамдык алкакта хаос жаралып жатканы жашыруун деле болбой калды. Ататүрк паркындагы 10-20 жыл мурда сатылган, колдон-колго өтүп кеткен жер аянтчалары, үйлөр боюнча чыр-чатак уланууда. Баштапкы ээлери таасирдүү чиновниктер катары мэриядан бекер алышса, кийинкилери кызылдай акчасына сатып алышкан да. Анан кандайча окуя өнүгүүдө? Ириде Акаев, Бакиев мезгилиндеги мэрлерди жоопкерчиликке тартыш керек. Ал эми азыркы турак үйлөрүнө ээ адамдарды эмнеге эзип жатышат? Логикага сыйбайт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев долдурап алып, көп нерсени түшүнбөйт экен. “Айдактап” койсо эле билгенин кыла береби? Уят эй! Эл карап турат, адилетсиздик үчүн бүгүн чыдашса, а эртеңчи? Андыктан, эң оболу мыйзам, гумандуулук сакталышы кажет. Же булар атайын эле коомчулукту алаксытуу, саясый упай топтоо менен алектенип жатышабы?