Башкы прокурор Максат Асаналиев системаны тазалай албай убара
Аскер прокурору Мирбек Расулов бошотулуп, ордуна Жыргал Исмаилов дайындалды. Жыйынтыгы, жемиши кандай болору убакыттын өтүшүнө жараша билинет. Ириде, башкы прокурор Максат Асаналиев орун басарлык чендеги Мирбек Расуловдон бир канча айдан бери кутула албай жатып, араң дегенде тазаланууга барыптыр. Бул эргул оюндан четтеген Курманкул Зулушевдин көздөй адамы эле. Расуловдун системага кандай пайда келтиргенин билбейбиз, бирок көшөгө артынан күмпүңдөшүп, көп иштерди бүтүрүшкөнү аңызга айланып кеткен. Мыйзамсыз козголгон иштер соттон “сынып”, бийликтин беделине шек келтиргеничи?.. Ошого катар айрым облус жана райондун прокурорлорунан арылуу вазыйпасы да турат. Милдетин так аткарбаган, ишенимге арзыбаган “кой терисин жамынгандардан” Максат Асаналиев толук кандуу тазалана алабы? Тергөөнү прокуратурага кайра кайрыйбы? Системанын кадыр-баркы көтөрүлөбү? Убакыт өтүп атат, өтө маанилүү иштер өтөөсүнө чыга элек.
"Азия Ньюс" гезити