Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда кыргыз аялдар мушташып, камакка алынды

Түркияда кыргыз аялдар мушташып, камакка алынды

09-ноябрь, 12:38
882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Анталия прокуратурасынын басма сөз кызматы 7-ноябрда Анталия шаарынын Манавгат аймагындагы мейманканалардын биринде иштеген кыргызстандык эки келин ошол эле мейманканада иштеген мекендешин ур-токмокко алып, чөнтөк телефонун тартып алганы тууралуу маалымат таратты.

Кыргыз аялдардан ур-токмок жеген жабырлануучу, 38 жаштагы Н.К. Ал Манавгат мамлекеттик ооруканасына жеткизилип, укук коргоо кымзаткерлерине арыз менен кайрылган.

Кыргызстандык эки шектүү жаранга каршы кылмыш иши козголуп, алар «Уурулук», «Коркутуу» жана «Ур-токмокко алуу» беренелери боюнча камакка алынды.

Алар Манавгат аймагындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринде бөлмөлөрдү тазалап иштешчү.

Жабырлануучу Н.К. учурда мамлекеттик ооруканада дарыланууда.

Ал эми Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын абактарында ушу тапта 12 кыргызстандык отурат.

Artba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер