Байдын баласы бапырап эле тура бербейт, баары алмашат...
11 жыл бирге окуган классташ балдардын баарын чайга чакырдым. Чай үстүндө алдыда боло турган 20 жылдык тууралуу кеп салдым. Күн мурун канча акча керектелерин эсептеп койгон элем, “баланча каражат керек” десем, бир добуштан колдошту. “Досум, өзүң лидерлик кылып аягына чыгар, сага ишенебиз” деп жыйынтыкташты. Мага ишеним көрсөткөн досторума рахмат, белек-бечкек, кафе, дасторкон – баарын даярдадык. Ата-эне, мугалимдерди өзүнчө бир күн коноктодук. Бизди өстүрүп чоңойткон ата-энелер бар болушсун!
Кептин баары классташ кыздар менен жаратылышка барганда башталды. Классташ кызыбызга сөз келгенде, мени карап, “өзүнчө эле костюм-шым кийип, лидер болуп, биздин классты башкарып калгансың го? Мурун ким элең?” десе болобу! Жубайым жанымда эле, жооп кайтарарымды билип, мени карап көзү менен “жөн эле койчу” дегенсиди. Унчукпадым.
“Сен ким элең?” деген сөздүн түпкүрүндө көп нерсе жаткан эле. Анткени, жетишпеген жашоодон дайыма жупуну кийинип, апамдын бут кийимин (бурка) кийип мектепти бүтүргөм. Кыскасы, баарын айтты, өзү 1-класстан 11-класска чейин класском эле. Баардык иш-чаралар ансыз өтчү эмес...
Эми классташыма деле таарынбайм, болгону келечек жаштарга пайдасы тийип калаар. Байдын баласы бай бойдон тура бербейт. Кедейдин баласы кедей бойдон калбайт да. Кудайга шүгүр, үй-бүлөм, балдарым, иштеген ишим, үстүмдө үйүм, алдымда унаам бар. Ошол жупуну кийинген адам азыр балдарынын аскасы, жубайынын тоосу. Быйыл мектепти бүткөнүмө туура 30 жыл болуптур...
Асылбек
"Азия Ньюс" гезити