Министр Жунушалиевдин кыянаттыгы: полковник Болушев соттон утту

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тар көз карашы менен кызганып, системадагы профессионал кадрларды дайыма кодулап, жумуштан алып келгени белгилүү. Кыянаттык! Маселен, Ленин РИИБнин начальниги Мадияр Кулуевди эч негизсиз жумуштан бошотуп, бирок, ал соттон утуп алды. О.э. ИИМдин криминалдык милиция кызматынын башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Болушевди да мыйзамсыз кызматтан алганы далилденип, бул дагы соттон Кашкар Жунушалиевди жеңди. Мындайча айтканда, министр сабатсыздыгы менен ишбилги кадрларды куугунтуктап, жыйынтыгында, алар акыйкатка жетип жатышат. ИИМде дал ушундай ыплас иштер болуп атса, эмне үчүн президенттик аппарат баа бербейт? Ансыз да элдин милицияга ишеними кетип калган чакта, мыкты кадрларды көтөрсө болбойбу? Эгерде жогор жак тандай албай атса, биз министрге татыктууларды сунуштайлы: Сүйүн Өмүрзаков, Алмаз Орозалиев жана Жеңиш Жоробеков! Мыктыларды көмүскөдө калтырып, качанкыга чейин тымпыйып жата беребиз?..
Aryba.kg