Бекболот Талгарбеков: “Мындан ары Садыр Жапаровду колдоп турууну чечтим”


-- Бекболот байке, эки жыл мурда, президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровду мен колдобойм” деп ачык жарыя кылгансыз. Ал эми өткөн жылы ушул маалда “Садыр Жапаров өз каалоосу менен 31-август күнү отставкага кетсе тарыхый чечим болот эле” деген элеңиз. Учурда сиздин позицияда өзгөрүү болгонун байкап калдым. Кандай себептерден улам?..
-- Соңку жылы Садыр Жапаров үч багытта алгылыктуу иш алып бара жатат. Биринчиси, мамлекеттин коопсуздугун чыңдай алды. Мурда тажик бийлиги каалаган учурда провокация жасап келсе, өткөн жылдан бери даай албай калды. Кыргыз армиясын күчтөндүрдү, жоокерлердин социалдык маселелери жакшы чечилип жатат. Экинчиси, тышкы саясатта кемчиликтерге жол берилбеди. Садыр Жапаров бир жактуу позицияны ээлебей, баардык мамлекеттер менен мамилени жакшыртып келүүдө. Үчүнчүсү, “кыргыз элибиздин ынтымагын, биримдигин чыңдайм” деп өтө оор маселеге киришип алды. Мына ушул аракеттерин баалап, мен Садыр Жапаровду мындан ары колдоп турууну чечтим.
-- Сиз ынтымак маселесин “өтө оор” деп сыпаттап жатасыз. Түшүндүрүп берсеңиз?
-- Акылман кыргыз элибиз “ырыс алды – ынтымак” деп, аны биринчи орунга коюп келген. Карт тарых муну далай ирет тастыктаган. Мисал келтирели: Манас атабыз “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп чачыраган кыргыз элинин ынтымак, биримдигин чыңдап, мекенди коргоодо чоң жеңиштерге жеткен.
Чыңгызханды алалы. Ал төрөлүп эс тарткан кезде монголдордо эч ынтымак болгон эмес. Алар ич ара согушуп, каракташып, бири-бирине душман болушкан. Чыңгызхан монгол элин бир муштумга бириктирип, ынтымагын бекемдеп, ааламдын төрттөн бирин багындырган.
Өткөн кылымда Ататүрк да ич ара чабышып келген түрктөрдүн башын кошуп, элине кам көрүп, күчтүү мамлекет түзө алган. Эми ушу өңүттөн карасак, “учурда кыргыз элинде биримдик, ынтымак бар” деп ким айта алат? Бизге караганда 90-жылдары өлкөсүндө атуулдук согуш жүргөн, болжолу жүз миң адам курман болгон тажиктерде учурда биримдик, ынтымак төөчөлүк өйдө.
-- Мындай ырк кеткенине кимдер күнөөлүү?
-- Кыргыздын чирик интеллигенциясы. Артка сереп салсак, элибиздин тыңчыкмалары, “каймактары” соңку жүз жылда үч ирет оор соккуга дуушар болушуптур. Биринчиси, 1937-38-жылдардагы саясый репрессияда чыгаан инсандарыбыз атууга кетишкен. Экинчиси, Улуу Ата мекендик согушта да (1941-45-жылдары) эр жүрөк инсандарыбыз алдыда жүрүшүп, курман болушкан. Үчүнчүсү, согуштан кийинки совет доорунда интеллигенция бийликке каш кайтарбаган катмарга айланган. Натыйжада, эгемендик жылдары кыргыздын интеллигенциясы кошоматчы, эки жүздүү, суу жүрөк экенин далай ирет далилдеди. Кыргызды урууларга, түндүк-түштүккө бөлүшүп, өздөрү орускул, батышкул, арапкул, акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи, жапаровчу жана башка (!) дешип, топ-топ болуп бөлүнүп алышып, соцтармактарда тыным албай тытышып, “кансыз согушуп” жаткандар да ошолор.
-- Садыр Жапаровдун “кыргыз элин бириктирем” деп жасап жаткан кадамдарынын бири – анын Дубайдагы мурдагы президенттерди жолуктуруу иш-чарасы болду окшойт. Коомчулукта талкуу жаралды го?..
-- Менимче, катардагы жарандардын 90 пайызы колдоду. Ал эми бузуку интеллигенция адатынча чуулдап, “бизге ынтымактын эмне зарылчылыгы бар?” дешип, ооздорунан “көк түтүн” чыгып жатып калышты.
-- Бизге келген каттарда “Акаевге мекенге келгенге жол ачылды, Отунбаева жана Жээнбековго куугунтук жасалган жок, Атамбаев үй камакка чыгып, дарыланууга кетти. Ал эми Бакиевдин соттук иши эмне үчүн кайра каралбайт?” деп каңкуулагандар бар. Бул маселе боюнча Курманбек Бакиев өзү да кайрылуу жасап жиберди. Бирок, соцтармактарда ага терс пикирлер арбын. Сиз кандай карайсыз?
-- Аларды мен да окудум. Бирок, андай пикирлерди “апрелчилер” жазышкан жок. Мисалы, 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтка жаштардын бир тобун туу көтөрүп баштап келген Кайып Шери “ал окуяда эки тараптан тең кемчилик кеткен, эми кечиримдүү бололу, Бакиевдин иши кайра каралганы калыстык болот” деп өзү жакында эле түзүлгөн “Бакиевди актоо, колдоо” комитетине мүчө болуп кириптир.
-- Анда кимдер чуу көтөрүп жатышат?
-- Биринчи топ – бузуку интеллигенциянын трайбалисттери. Экинчи топ – Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, алардын жактоочулары. Чуу көтөргөндөрдүн сап башында Роза Отунбаеванын аппарат башчысы болуп иштеген Эмилбек Каптагаевдин турушу жөн жерден эмес.
-- Трайбалисттердин аракети түшүнүктүү, ал эми Убактылуу өкмөттүн кызыкчылыгы эмнеде?
-- Убактылуу өкмөт төңкөрүш жасап башкарган он жылы кыргыз мамлекетинин дөңгөлөгү тескери айланып келди. Өлкөдө аты “парламенттик”, заты чакчелекей “анархиялык” башкаруу системасы орнотулду. Кандуу Июнь окуясына (2010-жылы) жол берилгенине, жүздөгөн кыргыздардын өлүмүнө, он миңдеген адамдардын азап-тозок күнгө кабылышына Убактылуу өкмөт түздөн-түз күнөөкөр. Дал ошол он жылдыкта бир миллион кыргыз жаштары Россияга эмгек мигранты болуп кетишти. Мамлекеттин тышкы карызы беш миллиард долларга жетти. Коррупция дүркүрөп өсүп, дүйнөлүк рейтингде рекорд коюлду (169-орун). Парламентте депутаттык бир орун 500 миңден 1 миллион долларга чейин жайма базардагы товар сыяктуу эле сатыкка түштү. Ал жылдары өлкөнүн экспорту он, ал эми импорту токсон пайызды түзүп калды. Биринчи ирет стратегиялык эки товар (буудай жана электр энергиясы) импорттук статуска өттү.
Демек, Бакиевдин иши кайра карала турган болсо, анда кыргыз эли Убактылуу өкмөттүн чыныгы жүзүн, жасаган кыянат кылмыштарын көрүп, алардын өздөрүн толук түрмөгө тыгышы мүмкүн. Ошол себептен алар Садыр Жапаровдун “кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын чыңдайм” деген саясатын түк колдошпойт жана ага айыгышкан каршылык көрсөтүшөт.
-- Учурда Аскар Акаев жубайы менен өлкөгө келгени дайын болду. Сиз жолуктуңузбу?
-- Эки күн чогуу болдум. Алар 18-май күнү Таласка келишип, Майрам эженин өткөн жылы каза болгон апасына куран окутушту. Кийинки күнү Казакстандын Тараз шаарында атактуу кардиохирург Сейтхан Жошибаевдин чакыруусу боюнча анын клиникасы менен таанышышты. Ал оор операциялар жасалган дүйнөлүк деңгээлдеги медициналык мекеме экен. Казак туугандар Аскар Акаевге жогорку даражадагы сый-урмат көрсөтүштү.
-- Аскар Акаевдин келишин жактырбагандар да бар...
-- Аны каралашканда дайыма бир окуя эске түшөт. Африканын чытырман токоюнда чөө-иттер жалгыз жүргөн арстанга аңчылык кылышат экен. Албетте, андай макулуктардын жүзү да бир арстанга алы жетпейт. Бирок, алар өзгөчө ыкма колдонушат. Жыйырма, отузу биригип алышып, арстандын артынан калбай күндүр-түндүр жумалап чуулдашып, улуп-уңшуй үрө беришет. Акыры тынчтык көрбөгөн арстандын жүрөгү жарылып өлөт. Биздин “чөө иттер” да соңку он сегиз жылдан бери Аскар Акаевдин артынан калбай, түркүн ушак таратышып, каралашып, “үрүп” эле келе жатышат. Бирок, бактыга жараша, анын жүрөгүн жара алышпады. Акылман элибиз Аскар Акаевдин эгемен кыргыз мамлекетин түптөөдөгү, бутуна тургузуудагы тарыхый эмгегин татыктуу баалай билишет.
-- Таласта жана Таразда болсоңуз, анда эки өлкөнүн эл турмушун да салыштыргандырсыз?
-- Өзүм айыл чарба адиси болгондуктан, албетте, кыргыз жана казак айылдарын салыштырдым. СССР маалында жашоо-турмуш бирдей эле да. Эгемендик алганы Кыргызстанда президент Аскар Акаев айыл реформасын ийгиликтүү өткөргөнү жалпыга маалым. Кыргыз айыл эли жердин, мал-мүлктүн чыныгы кожоюну болуп, эркин чарбачылыкка өткөн. Элеттиктер чейрек кылымдардан бери мамлекеттен бир сом дотация алышпай үзүрлүү иштеп келе жатышат. Мисалы, Талас облусунун эркин дыйкандары төө буурчакты өстүрүүдөн эле жылына он миллиард сом киреше алышат.
Ал эми Казакстанда айыл реформасы чала-була жасалган. Айыл чарба тармагы ушул күнгө чейин миллиарддаган дотацияда отурат. Эгемендик жылдары 1800 казак айылдары жер жүзүнөн жок болду. Бизде болсо баары сакталуу. Таластан Таразга, андан ары Кордайга бара жатып, ондогон кыргыз жана казак айылдары аркылуу өттүк. Таластын ар бир айылында болжолу 15-20 пайыз заманбап жаңы тамдар салынганын көрдүк. Ал эми Жамбыл районунда айылдарда баардыгы совет доорунда салынган тамдар экен. Жаңы курулуштарды анда-санда гана көрөсүң. Соңку чейрек кылымда кыргыз айыл эли казак айыл элинен эки эсе жакшы жашап келишет. Бирок, казак айылдары абдан таза экенине күбө болдук. Биздин айылдарды жергиликтүү бийлик карабайт окшойт. Жол жээктери тегизделбеген, куураган бак-дарактар, таштандылар зээнди кейитет.
-- Эми мындан ары Садыр Жапаровдун кемчиликтерин айтпайсызбы?
-- Айта берем. “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дейт эмеспи элибиз. Мисалы, анын башкы катасы – Акылбек Жапаровду кабмин төрагасы кылып, ушу кунгө чейин ага ишенип жүргөнү. Акылбек инимди жакшы билем. Ал кагаз жүзүндө укмуш цифраларды көрсөтүп, кооз жомокторду токуп, президентти да, элди дагы ишендире берет. Экономикада реалдуу жылыштар жок, алдыңкы жылдары да болбойт. Бирок, Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздук жана кыргыз элинин ынтымак маселелерин жемиштүү чечип берсе эле ага ыраазы болуп, рахматыбызды айтышыбыз керек.











