Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Чек арадагы биздин активдүү жаштарга кошуналар психологиялык, моралдык кысым көрсөтүүдө”

Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Чек арадагы биздин активдүү жаштарга кошуналар психологиялык, моралдык кысым көрсөтүүдө”

31-октябрь, 14:11
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таабылды мырза, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын тургуну Каримов Асылбектин маселеси боюнча эмне айта аласыз?

-- Ал Чоркух базарына барганда Тажикстандын атайын кызматтары “чек арадан мыйзам бузуу менен кирген” деп кармап кетишкен. Бүгүнкү күндө камакта экен. Биз тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу боюнча протоколдук тапшырма бердик. Ал жерде азырынча эч кандай чек ара жок. Чек аралаш жашаган эки өлкөнүн жарандарына жеңилдикер берилген. Бирок, ошого карабай биздин жаранды кармап кетишкен. Мындай окуя буга чейин да болгон. Ошондуктан, өкмөт бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин эки обулустун эли бири-бирине кенен-чонон кирип чыксын үчүн чечимдерди кабыл алышы керек. 

-- Мындай окуялар кандайдыр бир себептен улам болчу эле...

-- Жергиликтүү элден уккан, такталбаган маалымат боюнча, чек арадагы биздин активдүү жаштарга кошуналар психологиялык, моралдык кысым көрсөтүп жаткан сыягы. 

-- 15-20-октябрда Баткенде чек араны тактоо боюнча эки тараптын жолугушуусу өттү. Ошондон кийин жылыштар байкалабы?

-- Жылыш болуп кетти деп айталбайм. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн болгону жакшы. Өкмөт бул жерде отура бербей, жеринде барып караса, маселе ошондо батыраак чечилет деп ойлойм. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер