Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Бакирова: “Аракка берилүү күн сайын өсүп жатат, бул – коом көйгөйүнө айланды”

Жылдыз Бакирова: “Аракка берилүү күн сайын өсүп жатат, бул – коом көйгөйүнө айланды”

07-декабрь, 12:16
1 645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Республикалык наркологиялык борбордун директорунун орун басары менен маек.

-- Алкаголдук ичимдикке каршы программа кандай максатты көздөйт?

-- Антиалкоголдук программа негизинен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы медицина кызматкерлери тарабынан ичимдикке көз каранды болгон бейтаптарды алгачкы этапта аныктоого багытталган. Спирт ичимдиктерин ичүү чынында коомдук көйгөй болуп саналат, анткени алардын саны күн сайын өсүп жатат. Биздин милдетибиз – баштапкы кесиптештерге аракечтикти алгачкы этапта аныктоонун негизги куралдарына үйрөтүү. Алардын көңүлүн алкоголизм нерв, жүрөк кан тамыр, ашказан, ичеги жана башка органдагы дээрлик 200 оорунун себеби болуп санала турганына буруу. Себеби, алкоголдук көз карандылык менен ооруган бейтаптар бул ооруга чалдыкканын оңой менен моюндарына алышпайт. Ал эми бейтаптар биринчи кезекте бейтапканадагы кардиолог, терапевт, невропатологдорго кайрылышат. Ошон үчүн кесиптештер оорулуу адамды аныктап, наркологиялык борборго дарыланууга жиберүүгө аракет жасашы керек. 

-- Алар кантип аныктайт?

-- Алкоголдук көз карандылыкка кабылгандарды баштапкы деңгээлде аныктоодо биринчи жолу аудиттик инструмент киргизилип жатат – бул амбулатордук деңгээлде көз карандылыктын даражасын аныктоого жардам берген бир катар суроолордон турат. Саламаттык сактоо министрлиги наркологиялык борбор менен биргеликте баштапкы дарыгерлер үчүн окууларды өткөрө баштады. Кемин менен Сокулук районундагы ЦОВПлар тандалып алынган. Оорунун алгачкы стадияларында көз карандылыктын алдын алуу аларды дарылаганга караганда алда канча жеңил болору илимий жактан далилденген. Наркологиялык борбордун кызматкерлери оорулууну биз билген белгилер менен аныктай алабыз. Бирок, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы адистер муну так билишпейт. 

-- Жарандар арасында спирт ичимдиктерине көз карандылык өсүп жатканын айттыңыз, реалдуу көрсөткүчтөрү кандай?

-- Кыргызстанда 35 миңге жакын алкоголдук ичимдиктерге көз каранды адам расмий каттоодо турат, анын 88 пайызын эркектер түзөт. Ал эми биздин наркологиялык борбордогу бейтаптардын 80 пайызы спирт ичимдиктерине көз каранды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир 6-эркек спирт ичимдиктерин көп колдонгондо пайда болуучу оорулардан улам каза болот. Акыркы убакта аракечтиктен жабыркаган аялдар да кайрыла башташты. Алардын саны 12 пайызды түзөт. Аялдар эркектерге салыштырмалуу наркологиялык борборго кечирээк келишет. Себеби, ооруну көпкө жашырышат. Аялдардын бул ооруну айтып, бизге кайрылып баштаганы жакшы көрүнүш. Мурда коомдогу туура эмес көз караштардын кесепетинен келишчү эмес. Симптомду моюндарына алып, дарыланууга бел байлоо – жакшы жашоого жасалган  кадам болуп эсептелет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер