Турсунбек Акун: “Ала жипти” аттаган эмесмин” деген сөзүмө ишенбе...”

Адам укуктары конгрессинин Борбор Азиядагы координатору Турсунбек мырза менен саясаттан сырткары маектештик.
-- Туке, сиздин үйдө ким кожоюн?
-- Мен кожоюн. Негизи тышкы иштердин баарын өзүм чечем, аялымды такыр кийлигиштирбейм. Үй оокаттарын толугу менен аяшың тейлейт. Жадагалса чай кашык жуубайм.
-- Акчаны ким көп табат?
-- Орчундуусун таап келем. Аялым мен тапканды пайдаланат.
-- Байбичеңиз менен кантип табышкансыз, кантип үйлөнгөнсүз, ала качкансызбы?
-- Ала качканга каршымын. 4-курста экенимде профком аркылуу Жети-Өгүз курортуна барып калдым. Жалаң “5” деген баа менен катуу окугам. Болочоктогу келинчегим 9-классты жаңы бүтүптүр. Аты Гүлмира экен. Апасы курортто иштеп, жардам кылып жүргөн экен. Ал убакта “колукту кылып алайын” деген деле ой жок болчу. 10-классты бүткөнчө кат алышып жүрдүк. Мектепти аяктар замат Ош шаарындагы ХБКга жумушка кирип алыптыр, андан ары Иваново деген жерге окуу жайга кетүү максаты бар экен. Дайынын болочоктогу кайненеме Жети-Өгүз курортуна барып билдим да, ошол замат “Ошко барам, бир аз жумуштарым бар, сага жолуга кетейин” деп телеграмма бердим. Негизинде алып кетейин деп атам. Алар үч кыз болуп таң эрте күткөн экен. А мен кечинде кондум. Мага гүлдөрдү алыптыр. Жарымы шелпейип соолуп калган. Жатаканасына барып түнөп, эртеси үчөөнү тең Фрунзеге алып жөнөдүм. “Кеттик, силерди үйлөрүңөргө жеткирем. Бул жер силерге ылайыксыз. Ала качып кетсе эмне кыласыңар?” деп коркутуп койдум. Экинчиден, ичим тарып атат. Башкага ыраа көрбөй атам. Автобуска салып, Таш-Көмүр, Токтогул аркылуу Фрунзеге апкелдим. Атайын апкелсем, эртеси Чолпон-Атага кетип калыптыр. “Буюрбаган кыз окшойт” деп бир кейип алдым. Эжеси Балыкчыда турчу эле, ошол жакка жөнөдүм. Келип чоо-жайды түшүндүрүп, “сүйлөшүп жүргөнбүз, Гүлмираны колукту кылайын деп атайын Оштон апкелдим эле” десем, а киши добро берди. Чолпон-Атага аттанып, калыңды кабелтең алып (атам Акундун акчасы көп эле), чартаңбай тепкен бойдон “ачуусу”, “таттуусу” деп Гүлмираны салып алып Эки-Нарынга, 1981-жылдын 10-декабрында, кыштын кыраан чилдеси, кар калың, суук чыкылдаган кезде үйгө апкелдим. Мындай карды көрбөгөн, орусча окуган кыз оозу ачылган бойдон калып калды.
-- Казан-аяк кагышпай койбойт. Ачууга алдырыппы, же эмоция мененби, байбичеңизге кол көтөргөн учур болгонбу?
-- Негизи аял кишиге боорукермин. Кол көтөргөнгө жокмун. Анткен менен бир-эки жолу колум тийди. Бир жолу жалпыйта чааптырмын, эси ооп жатып калды. Өзүм да байкабай калдым. Эми мээни чарчатып ийди да... Туура эле болгонун өзү да түшүндү. Анан дагы бир жолу кол көтөрдүм. Андан бери тийе элекмин.
-- Биздин учурда мектепте “атаман” деген бир балээ бар эле. Канчанчы атаман элең?
-- Өзүм мушташка жокмун. Нарын мектебинде билим алып жүргөн кез. Мектептин атаманы, жанында дагы үч бала менен келип салык салды. Ушундай ээк талаштыра бир урсам, чалкасынан “талп” этип кулап түштү. Оозунан кара кочкул кан кетти. Анын артынан бир-эки тиши күбүлдү. Аябай коркуп кеттим. Аңгыча перемена бүтүп, класстарга тарадык. Ошондон кийин мушташтан коркуп калдым.
-- Сулуу кыздарды көргөндө кантесиз?
-- “Сулууларга суктанууга акым бар” дегендей эле, сулуу кыздарды көргөндө эркек өз огунан чыгып кетиш керек. Огунан чыкпаган эркек – эркек эмес. “Огуман” далай жолу чыгып кеткен учурлар болду...
-- Сизге кыздар “жакшы көрүп калдым, кантип таанышсак болот?” деп кат жазышабы?
-- Андайлар мектепте көп болгон. Үйлөнгөндөн бери боло элек. Кээде арданам, “Бабановду сүйүп калдым. Текебаевди жактырдым” десе, “эмнеге Турсунбек Акунду сүйүп калдым дешпейт?” деп.
-- Кой сойгонду, кайсы устукан кимге тийешелүү экенин билесиз да?
-- Кантип билбейм?! Өзүм ветеринар врач болсом. Ал жагынан баары норма.
-- Өз алдыңызча там салгансызбы?
-- Чарбачылык ишке жокмун. Жадагалса мык кага албайм. Үйдө аяшың кагат. Мен каксам же кыйшаят, же кирбейт. Тамды салбадым, сатып алдым.
-- “Ала жипти” аттагансызбы?
-- Ар бир эркек “ала жипти” аттайт. “Аттаган эмесмин” дегендерге ишенбейм. Андай болбойт. “Мен аттаган эмесмин” деген сөзүмө сен да ишенбе.
-- Ичкиликке кандайсыз?
-- Студент кезде шарап ичип шаңкылдап далай жүрдүк. Анан эле ичкиликти кан буугандай токтотуп салдым. Анткени аталарым ичкиликтин катыгын берип, көкөйүмө көк таштай тийген окшойт.
-- Ыйлайсызбы?
-- Андайлар болот экен. Бир туугандарымдан, анын ичинде мөлтүрөгөн карындашымдан айрылганда ыйладым.
-- Байбичеңизди кызганасызбы?
-- Кызганам. Апамдай болуп калса деле кызгануу жок эмес.
-- Мончонун буусуна кандайсыз?
-- Бир жылда бир барам. Бууга чыдабайм. Андан көрө душка эле чайынып алам.