Кыргызстандагы ЖОЖдордун баары эле коррупциялашканбы?


Буга чейин УКМКнын текшерүүсүнүн негизинде Жусуп Баласагын атындагы КУУдан 2710, Ишеналы Арабаев атындагы КМУдан 59, Караколдогу ЖОЖдордон 941 студент окуудан чыгарылганы кабарланган. Мыйзамсыз окугандар ашкереленгени ачыкталып атса, баа бериш керек да, туурабы? Бирок ректорлор, проректорлор, декандар жоопкерчиликке тартылышкан эмес. Кылмыш иштери козголуп, түшүнүксүз жагдайлар жаралууда.
Аз күн мурунку УКМКнын билдирүүсүнө токтололу. “Ош мамлекеттик университетинен 3573, Ош техникалык университетинен 2754, Ош кыргыз-өзбек университетинен 3167, Ош педагогикалык университетинен 3629, Кыргыз улуттук университетинин филиалынан 172 студент чыгарылды. Учурда бул жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга катыштыгы иликтенип жатат. Алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат” деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандагы көрүнүктүү ЖОЖдордун дээрлик баарысында мыйзамсыз окуган студенттер толуп кетсе, тийешелүү жетекчилерине чара көрүлүшү керекпи? Албетте, келечек кадрларды даярдоодо мындай катачылыктарды кетирүү кечиримсиз. Билим берүүдөгү башаламандыкка дыкат кароо шарт. Бул мамлекеттин, элдин келечегине балта чабууга барабар!
"Азия Ньюс" гезити











