Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылдык динчил жигитимди таштап, бактымды бай уйгурдан таптым...

Айылдык динчил жигитимди таштап, бактымды бай уйгурдан таптым...

08-ноябрь, 00:54
2 206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эмир менен үч жыл сүйлөштүм. Үйлөнүүнү пландап жүрчүбүз. Нарындык болчу. Акыркы кездерде мечитке көп каттап, намазга берилип кетти. Анан мага ар кандай чектөөлөрдү айта баштады. “Узун кий, үйлөнсөк бетиңди жаап жүрүшүң керек” деп кулак-мээни жечү. Көңүлүм калды...

Ушундай күндөрдүн биринде жашоом күтүүсүздөн өзгөрдү. Ахмат аттуу уйгур улутундагы адам менен таанышып калдым. Менден 21 жаш улуу болгону менен түшүнүктүү, бизнеси бар, жакшы мүнөздөргө ээ. Башында ыңгайсыздык жаралды, бирок көнүп кеттим. Баары өзгөрдү. Эч кимге билгизбей сүйлөшүп жүрүп, акыры Ахматты жактырып калдым. Күндөр өтө берди. Динчил Эмирди таштап, бай уйгур жигитиме турмушка чыктым. Эки этаж үйүндө жашап атабыз. Үч кичинкей кызы, апасы менен турат экен (аялы каза болуп калган). Баары сонун, ойдогудай бакытка туш келдим. Аз күндө боюмда болгонун билдим. Кубанычым чексиз! 

Жашоодон көрүп келебиз. Менин кеңешим: кыздар, кыйналбай жашаганды ойлонгула, бакытты күйөөдөн табыш керек. Улутуна карап кереги жок, түшүнүктүү, бай, жакшы адам болсо, турмушка чыга бергиле. Сүйүүнү жаратса болот экен...


Албина, 24 жашта

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер