Баткендин гүлдөгөн мезгили Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин доорунда башталды
Аптабы катуу тийген, шамалы да жагымдуу, тоо койнундагы адырларда, жарым чөлдүү төмөнкү керилип жаткан өрөөндөрдө араб достор суктанышкан мөмө-жемиштин дээрлик бардык түрү өсүп, мөңгүлөрдөн башат алган сайларда, арыктарда тамыңдын алдына дейре агып келип берекесин төккөн Баткен чөлкөмү не деген тарыхый окуяларды көрбөдү дейсиз. Бул Кудайым бизге ыроологон бейиш жерде кыргыз элинин пайдубалы болгон ичкилик урууларынын күн кечирип жашап жатышканына нечен кылымдар болду. Биздин мээнеткеч, досторуна, кошуналарына дасторкону дайыма жайылуу, колу берешен эл Мавереннахрдын тушунан тартып малын жайып семиртүү менен бирге бак-дарак отургузууну, жашылча өстүрүүнү, заңгырата заманбап үйлөрдү, рабат-дарбазаларды, суу тегирмендери менен өнөрканаларды салышып, дүйнөлүк илим менен маданияттын өсүшүнө астейдил түрдө салым кошушканын айта алабыз, сыймыктанабыз. Ордо калаадан миң чакырымдай ыраакта турган советтик жана эгемендүүлүктүн өткөн жылдарында унутта калган, эмгек мигранттарынын саны боюнча башка аймактардан алдыга кеткен, айылдардагы эшиктерин тактай менен мыктап, кошуна-туугандарына дайындап суудай агылып Россияга кетишкен чөлкөмдүн келкели, гүлдөгөн мезгили эми келди (!) десем асты жаңылышпайм. Бир аз лирикалык чегинүү: 1999-жылдын октябрында Баткен облусу түзүлгөндө жалпы калкынын саны 380 миңдей болгон экен. Азыр 570 миңден ашып кетти. Жер аянты 17 миң квадрат километрден ашыгыраак. Бул коңшулаш Өзбекстандагы калкынын саны 10 миллиондон ашык Фергана өрөөнүнүн аянтына жакындашат. Биздин касиеттүү аймак деңиз деңгээлинен 400-5000 метр бийиктикте турат. Жыл ичи улуу күн дээрлик тийип тургандыктан биздин баба дыйкандар өстүрүшкөн кантек өрүктөр менен жүзүмдөр, алмуруттар менен шабдалылар, малиналар менен дөөзире күрүчтөр абдан даамдуу, теңдеши жок. Татынакай көрүнгөн чет элдик жашылча-жемиштердин даамы начар да.
Кыргыз тарыхына кылчайып саресеп салып карасак, биздин дубандан илгери далай баатырлар, балбандар, Молдо Нияз менен Туяк ырчыдай залкар таланттар, Полот хан, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиевдей колу таза, жолу таза аталарыбыз, аваларыбыз чыгышпадыбы! Биз залкар, улуу аваларыбыздын жүздөн бирин да билбей калдык. Ушундай бир жагынан шарты катаал, экинчиден, отурукташкан өзбек, тажик ашыналар менен теңтайлаша тиричилик жүргүзгөн элден таланттар да, жетекчилер да, улукмандар да көп чыгышат тура.
Советтик мезгилде деле Фрунзе, Баткен, Лейлек райондору четки чөлкөм катары эсептелип, жогорку окуу жайларына окууга тапшырганда жеңилдиктер бериле турган. Бизден улуу авалар, апалар негизинен өз күч-аракеттери менен канчалаган кыйынчылыктарды тартып мыкты адистер катары өсүп чыгышкан. Аларды негизинен Кыргызстандын түндүк райондорунан келишкен мыкты педагогдор окутушту. Таалим-тарбия беришти. Муну биз да көрүп калдык.
Эми биринчи президентибиздин тушунда Баткен облусунун түзүлүшү абдан туура кадам, чечим болгон деп эсептейм. Региондун алыстыгын Бишкекте мамлекеттик телевидениеде иштегенде даана байкаганбыз. Бишкек–Ош автомобиль жолу толугу менен бүтө элек Лейлек, Баткен тарапка автобуска тыгылып Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан аркалуу нечен азаптарды тартып келе турганбыз. Карым-катнаш өтө татаал эле. Экинчиден, автоунаалар аз. Ворух, Сох, Шаймерден деген кошуналарга өтүп кеткен экславдарда документтерди текшерип азап тарттырышчу. Муну улуу жана орто муундагы замандаштарым таптакыр унутушпаса керек.
Анан эле эл аралык террористтер бастырып киришип, биздин көчөгө да күн тийип, Баткен облусунун уюштурулушу боюнча указ чыкты. Мурдагы кичинекей Баткен кыштагы шаарга, облустук борборго айланды. Албетте, алгач абдан оор, кыйынчылыктар көп болгонун көрүп, билип турдук. Мурдагы президенттер “баткенчилер аман эле болушсун” дешип, жетиштүү көңүл бурушпады. Бөтөнчө жергиликтүү жаштардан кадрларды өстүрүп жайгаштыруу маселеси унутта калды. Чет элдик инвестициялар жетиштүү бөлүнбөй келгенин калыстык үчүн айта кетели.
Баткендин келкели гүлдөгөн мезгили Садыр Жапаровдун президент болуп шайланып бийликке келиши менен башталды. Анын ишенимдүү досу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, генерал Камчыбек Ташиев экөөнүн тынымсыз, ак дилден аракети астында көз карандысыздыктын 30 жылында гана эмес, советтик доордо да болбогон коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, мамлекетти пилла курттай жеп тоноого ыкташкан мафиоздор менен чечкиндүү күрөш башталды. Илгертен мамлекеттин чөнтөгүн өзүнүкү менен алмаштырып, ондогон квартираларды, хансарайларды, чет элдик унааларды ээлеп алышып, эч кимди тоготпогон эл душмандары булардын колунан эч нерсе келбейт деп ойлошту көрүнөт. Өзү бир адамга ошончо байлыктын эмне кереги бар дейм да. Үстүңдө үйүң, астыңда машинең, туруктуу ишиң болсо, андан ашыкчанын эмне кереги бар? Эки метр келген көргө алып кете албасаң.
Чын эле ордо калаада жашап жүрүп кылмышкерлердин өзүм билемдигин, алардын бийликтин бардык бутактарына аралашып, басмачылардай эле карапайым элди талап-тоноп келишкенин сезип жүрдүк. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өздөрүнүн таза аракети, чечкиндүүлүгү, кайратмандыгы менен башкаларга өрнөк көрсөтүштү. Алардын эрдигине шыктанышкан кошуна өлкөлөрдүн президенттери да өздөрүндөгү байбачаларды түрмөгө камашып, мамлекеттин казынасын ойлоп жатышат. Ал эми мафия, коррупция менен күрөшүү абдан татаал, оор маселе экен. Кылмышкерлер “кылмыш жасадым” деп ачык айтып, Кудайдын алдында кечирим сурашпастан, жашыруун түрдө мамлекетти тоноону улантып жатышты. Буларга каршы Сталиндей болгон эрки күчтүү, колу таза адам керек. Ал Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров болду десем дээрлик көпчүлүк кыргызстандыктар колдоп чыгышар.
Баткен облусунда да пара алган жетекчилер, жер сатышкан адистер, башчылар, башка кызматкерлер кармалышып, адилеттүү жазага кириптер болуп отурушат. Мамлекеттик казынага миллиондогон сомдук уурдалган акчалар которулду. Мына канчадан бери эски жетекчилердин жемсөөсүнө айланган Кумтөр алтын кени Кыргызстанга кайтарылды. Муну эски президенттерден кимиси ойлоп койду эле? Алар тынч гана миллиондорду кымырып жатса болду дешкен да. Казынага адал акча миллиондоп агылып түшкөн соң жүздөгөн мектептер, офистер, бала бакчалар, ооруканалар курулуп жатпайбы. Мына тажиктердин мыкаачылыгынан улам түбү менен талкаланган чек арадагы айылдарыбыз калыбына келтирилип, заңгыраган заманбап имараттар салынып, көркүнө чыкты. Согуш учурунда качып кеткен тургундар кайра өздөрүнүн киндик каны тамган Ата журтуна келишип, тынч күн кечирип жатышат. Эки достун демилгеси менен кыргыз-тажик чек араларын тактоо аяктаганы калды. Кыргызстан аскердик куралдуу күчтөр жагынан аябай камсыздалды. Өзбекстан менен да мамиле жакшырып, карым-катнаш оңолууда. Бишкек менен Ош шаарларына алынган автобустардан баш айланат. Мындай өзгөрүүлөр мурда болгон эмес. Өзбекстандагы туугандарга кире албай сарсанаа болуп жүргөнүбүз таптакыр унутулбайт.
Жаңы президент артыкбаш чыгымдарды азайтууга бардык күч-аракетин жумшап жатат. Административдик реформанын акыбетинде ондогон айыл өкмөттөрү биригип, жүздөгөн орундар кыскартылды. Эми мүмкүн райондордун, облустардын саны да кыскартылар. Облусубуздун борбору Баткен шаарына келип, анын мезгил өткөн сайын улам өзгөрүп баратканына көңүлүм тойду. Көчөлөр кеңейтилип, асфальтталып, заңгыраган заманбап тамдар, кеңселер, ишканалар салынып жатыптыр.
Мен пенсионер катары мамлекетибиздеги өзгөрүүнү, алга илгерилөөнү айлык акылардын, пенсия-пособиелердин жогорулаганынан да байкадым. Аэропортко барсам 65 жаштан жогорку курактагы карыяларга билет жеңилдиктер менен берилип калыптыр. Бөтөнчө Баткен облусунун чек аралаш айылдарында жашаган калкка материалдык колдоолор көрсөтүлүп жатыптыр. Ал эми Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттар, үйлөр бузулуп, жөө жүргүнчүлөр басчу тротуралар жарым метрге дейре калыңдыкта басылганы эле тазалыктын, аруулуктун белгиси эмеспи. Илгери ошол асфальттын негизги бөлүгүн жолчулар жеп коюшуп, сайрандап жатышчу. Калаабыз аста-секин дүйнөдөгү алдыңкы жашыл шаарлардын катарына кошулганы баратат. Өлкөбүздөгү жетекчилердин ротациясы акырындап өз жемишин берерине ишенем. Республиканын кайсы жеринде болбосун жетекчилерге кирсең сакалыңды сыйлашып, ордуларынан туруп, жылуу-жумшак, маданияттуу кабыл алып калышыптыр. Мурда креслосунан туруш эмес, кабыл алгысы келбей, орун басарына же жардамчысына табыштап, эшиктен чыгарып салыша турган. Бул да бүгүнкү жетекчилердеги психологиянын өзгөргөнү. Карапайым элдин кызыкчылыгын ойлоп жатышканы эмеспи.
Облустагы ар бир шаарды, айыл-кыштакты аңдап көрүп, “жетекчилерге баракелде!” дейсиң. Ошондуктан Кудайдан Кыргызстандагы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев баштаган заманбап, келечекти ойлошкон жетекчилерге ден соолук, ыйман-ынсап каалайм! Ишин илгерилете көр деп тилейм. Албетте, алардын алдында дагы көп жумуштар, асыл максаттар турат. Бул белгиленгендер турмушка ашса, буюрса, кичинекей өлкөбүз да XXI кылымда өнүгүп-өсүүнүн туура жолуна түшүп, жашоо-турмушубуз акырындап оңолот деген үмүт бар. Бул өзгөрүүлөргө ар бирибиз жардам кылсак оң болот.
"Азия Ньюс" гезити