Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акүйдөгү кичинекей “шайтандарга” мыйзам иштебейби?..

Акүйдөгү кичинекей “шайтандарга” мыйзам иштебейби?..

14-октябрь, 10:37
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-президенттин шопурунан өлкөнүн серый кардиналына чейин жеткен Икрам Илмияновдун соту жүрүп, күбөлөр көрсөтмө берип жатат. Ага коюлган айып алдамчылык деген берене. Икрам Илмияновго башка кандай берене койсо жарашат эле? Бирок, алдамчылык деген айып окшошпой турат... 

Илмияновго Беларустун «Дизель Комплект» деген ишканасы 150 миң доллар алып, маселебизди чечип бербей койду деп арыз менен кайрылышкан. Мына ушул Илмияновдун “Дизель Комплект” менен ишиндеги эң маанилүү адам Чыныбек Анарбек уулу кечээ 9-октябрда сотто көрсөтмө берди. Бул жигит 2015-жылдан тарта Икрам Илмияновдун жардамчысы болуп иштеген. Чыныбек Анарбек уулу “Дизель Комплекттен” 150 миң долларды алып, Илмияновго алып барып бердим деп көрсөтмө берген. Сотто Чыныбек Анарбек уулу таанышы Эмил аттуу бала “Дизель Комлекттин” ишин чечип берүүнү суранганын, бирок баш тартып, акыры сурана бергенден, Илмияновдон тактап көрүп, шайлоого каражат керек болуп жатат деп 150 миң доллар алып, Илмияновго алып барып бергенин айтты. Ошондой эле бул иште “Дизель Комлекттин” өкүлү, акчаны берген Асел Чымырбаева менен эки жолу жолукканын мойнуна алды. Сотто адвокаттар бул мыйзамсыз иш экенин билип туруп, эмнеге прокуратурага кайрылган жоксуз?” деген суроого мен өтүнүчтөрдү гана аткаргам” дейт. 

Эми кызык жери, чет элдик компаниядан мыйзамсыз ишин чечип берем деп, Эмил аттуу бала аркылуу (Эмил классташы болушу мүмкүн) 150 миң долларды алып, көмүскө иш бүтүрүп жүргөн Чыныбек Анарбек уулуна кылмыш иши козголбой, тескерисинче, кызматтан көтөрүлүп, Акүйдүн 7-кабатына жеткени. Чыныбек Анарбек уулу учурда президенттин аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери, Жалал-Абад облусунун куратору болуп иштейт. “Дизель Комплект” ишинде ботконун баарын чалып, эми бир кездеги шефи Илмияновду сатып көрсөтмө берип жүргөнү кызык эле болуп жатат. 

Кылмыштын курамы ачык көрүнүп турса да, Чыныбек Анарбек уулуна эмнеге кылмыш иши козголгон эмес, эмнеге баш коргоо чарасы аныкталган эмес?” деген бир топ суроолор бар. Же коррупция менен күрөш Акүйдүн кызматкерлерине тийешеси жокпу?


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер