Акыркы кабарлар
» Коом » Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси көтөрүлдү
Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси көтөрүлдү
27-сентябрь, 11:35
476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткендеги соңку окуядан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде көтөрүлдү. Депутат Дастанбек Жумабеков ал жоокер Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну экенин айтты:
“Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгырып, күтүп жатат. Ушул боюнча эмне иш жүрүп жатат, эмне болуп жатат, күч органдары жыйынтык маалымат берип койсо”.
Бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берилмей болду.
21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.