Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытайда “кара кочкул өлүм” вирусу пайда болду. Кыргызстанга келбейби?

Кытайда “кара кочкул өлүм” вирусу пайда болду. Кыргызстанга келбейби?

10-январь, 03:05
1 404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Декабрдын этегинде Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. 3-январда мындай 44 учур катталып, 11 адам оор акыбалда болгон. Оорулуулар менен жакын жүргөн 160тан ашык адам көзөмөлгө алынган. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. Учурда ал жак жабылды. Оорулуулар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан эле. Көкүрөк клетканын рентгенографиясы оору өпкөнү жабыркатарын көрсөткөн.

Гонконгдо пневмониянын жаңы түрү алты кишиде аныкталган. Алар буга чейин Ухань шаарында болушканын айтып беришкен. Учурда 59 киши ооруп, алардын алтоосу оор абалда экендиги айтылат. Илдетти алып жүргөндөрдүн бир нечеси Сингапурда дарыланмакчы, алардын арасында 3 жаштагы кыз бар. Гонконг менен Сингапурдун аба майданына санитардык көзөмөл киргизилип, дене табы көтөрүлгөн Ухань жүргүнчүлөрү карантинге алынды. Гонконгдо 16 саякатчы илдетке кабылган.
 Вирустун себеби жана козгоочусу азыркыга чейин аныктала элек. Илдеттин агымы SARS курч респиратордук синдромун эске салып жатканы айтылат. Ал
кара кочкул өлүм деген атты алган типтик белгилери жок пневмония. Вирус 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы илдетке көз салып, анын себептерин жана дарылоо жолдорун аныктоого баардык күчтү жумшоого чакырууда.


Aryba.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер