Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казак акыны Садык Шер-Ниязга “Элмирбекти карабадың” деп таарынычын жазды

Казак акыны Садык Шер-Ниязга “Элмирбекти карабадың” деп таарынычын жазды

22-апрель, 16:41
1 356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын төкмө акыны Бөрүбай Оразымбет депутат Садык Шер-Ниязга кат жазды, ал катта таарынычын билдирди. Катты кыргыз тилине Марсгул Абылова которуп чыккан.

Садык Шер-Ниязга кат

Садык доско кат жазамын калем алып,

Бүгүн түнү мен калдым кабар алып.

Ала-Тоодон кара кабар келгенинен,

Кесиринен “вирустун” бара албадык.


Башчысы элең, Кыргыз акындардын,

Кесир менен түйшөлүп турат жаным.

Ашыкемдер, Эстекемдер жашап өткөн,

Жетпесем да мен дагы жакындармын.


Аласыңбы же мейли албайсыңбы?

Сен кандайча байкабай капа кылдың?

Дуба жасап, ыр менен бүт турпатым,

Турат дагы артымдагы акындарым.


Бүгүн түнү, жаман эй кабар алдым,

Боздоп, улуп бөрүдөй жараландым.

Эр Манастын урпагы эмес белең,

Элмирбекке сен эмнеге карабадың?


Тирүү жандар жасайт эле бир амалын,

Бүгүн кара жамынды, бүт ааламың.

Токтогулдун тонун кийген уул эле го,

Элмирбектин алын неге сурабадың?


Аалы, Барпы жаттаган кош атасын,

Кыргыз-казак тең эмген кош апасын.

Кырк эки жаш кырчынды жиберип салып,

Кыргыз элин сен неге боздотосуң.


Асылымды жоготуп алактадым,

Ыйлап турат уул-кызым жакындарым.

Курманжан датканы да тирилтет элең,

Элмирбекти эмнеге доктурга каратпадың?


Өзүң айтчы, кантип мен басыламын,

Кан басымым көтөрүлдү, башымда муң.

Элмирбекти жапжаш бойдон жибергенче,

Дарыларын сен эмнеге ташыбадың?


Жалган десе бул өмүр жалган чыгаар,

Элмирбекке да бир зарыл болгон чыгаар.

Бир Кудайга сыйынып, андан кийин,

Дарыгер менен сага ишенип калган чыгаар.


Акын тура Элмирбек элден башка,

Адал эле ага-ини, тууган, доско да.

Уят менен намысты ким угат дейм,

Кимге айтамын, Садык, эй сенден башка.


Садык-Шерсиң, катым менен өтүнөмүн, 

Эр атаган, Кыргыздын тектеринен.

Элмирбектин топурагы торко болсун,

Калдым сынып, кат жаздым жетпегенден.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер