Акыркы кабарлар
» Саясат » Элчи Бакыт Аманбаев кызматкерлери менен чырлашып атканы каңкууланды
Элчи Бакыт Аманбаев кызматкерлери менен чырлашып атканы каңкууланды
09-октябрь, 19:30


АКШдагы элчи Бакыт Аманбаев кызматкерлери менен келише албай, байма-бай чырлашканы ТИМ ичинде сөз болууда. Дипломаттар сыпайы, маданияттуу келет эмеспи. Көп нерсеге сабыр кылышып, унчукпаганын баамдап атабыз. Бирок, “шишик” ырбай берсе, акыры жарылат да. Бакыт мырза, “мекенчилмин” деген ураанды канчалык бетке кармай берсеңиз да, чыныгы реалдуулук жоголдубу? Дасыккан дипломаттардын баамында, Аманбаев жумуштан алынбаса, аягы татаалдашары каңкууланууда. Жашырылган чыр боюнча президентке толук кандуу маалыматтар жетсе, бир чечим кабыл алабы? Сыягы, АКШга бара турган башка талапкер даярдана берсе болчудай окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











