Кадыр МАЛИКОВ: “Коомчулукка тарап кеткен жасалма сүрөтүм мага жакшы пиар болуп берди”
-- Кадыр мырза, сизди “мусулман дининен чыгып кетти” деп угуп калдык. Төшүңүзгө плакат илген сүрөт коомчулукка желдей тарады. Ушуга түшүндүрмө берип коёсузбу?
-- Жок, дагы бир жолу жок! Бул жалган сөз. Мындан бир-бир жарым жыл мурун тынчтык митинг кылганбыз, палестин элин коргоо, колдоо максатында. Колумда плакат бар болчу. Кимдир бирөө ошол тартылган сүрөттү алып таштап, коллаж дейбизби, же башкача нукта шөкөттөп, “Извините! Я больше не буду верит в Ислам” деп чаптап, интернет желеге таркатып ийген. Бул – маскарачылык, бул – калп!
-- Учурда эмне иш менен алексиз?
-- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ислам илимий кеңештин мүчөсүмүн. Ошону менен катары ислам темасына байланышкан телеберүүнү алпарам. Агартуучулук максатта. Азыр өзүңүз билгендей, көбүнчө жаштар ушул багытта суусап турат. Коомчулукка тарап кеткен жасалма сүрөтүм мага карата жакшы пиар болуп берди. “Душмандарым” “артык кылабыз деп тыртык кылып” алышканын түшүнүп отурам.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
"Азия Ньюс" гезити