Шаардык кеңештерге аттанган бай партиялар аңга чуркап баратышабы?

Карапайым калк байлардын баш оорутмасынан кутулбайт экен да. “Эмгек”, “Биздин Кыргызстан”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Столица”, “Ынтымак”, “Улуттар Биримдиги” сыяктуу партиялар шаардык кеңештердин шайлоолоруна жулунуп баратышат. Бийлик да жакшы ыкманы пайдаланууда. Баарына эркиндик берет. Арасынан ниети бузуктарды, элдин ырысын жегендерди, мамлекеттин казынасына зыян келтиргендерди электен өткөрүп, анан чекесинен “тарбиялоого” өтөт. Өткөн айда НДПК менен мүдүрүлгөн Азиз Суракматовдун тагдырын кимдер кайталайт болду экен? Эбегейсиз кымбат баалуу жерлерди Бишкек, Оштон ченебей алышкан “Биздин Кыргызстандын” кожоюндары Айбек, Нурбек Осмоновдорго кезек келеби? Убагында Икрам Илмиянов менен “Сокенин башын айлантып” кетишсе эле кыйын болуп калышабы?..
"Азия Ньюс" гезити