Эмил Үмөталиев: «Америка, Япония, Корея жана башка ийгиликтүү өлкөлөр менен кызматташуу зарыл»

– Азыркы учурда кымбатчылык күчөгөндөн күчөп, элдин жашоосу оорлоп баратат. Бийлик жеңилдетилген кандай жол тапса болот?
– Кырдаал улам оорлошо берет го... Жакынкы кошуна өлкөлөрдүн абалын, Россия-Украина тирешин көрүп турабыз. ЕАЭБ менен эле чектелип отура бербей, бүт дүйнө менен кызматташууну күчөтүп, жол издей турган учур келди. Дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөр Америка, Япония, Корея жана Европанын башка ийгиликтүү өлкөлөрү менен кызматташуу зарыл.
Жаштарыбыз алдыңкы өлкөлөрдө билим алып, өсүп, жемишин берер куракка жетилишти. Аларды кызыктырып, стимул берип, шарт түзүп, өз өлкөбүзгө чакыруубуз керек. Билимдүү жаш муун өз мекенин гүлдөткөндөй, өздөрү да өркүндөп өсө тургандай үмүт беришибиз зарыл.
Акыркы жылдарда жеке ишкерликтин жолдору туман, чакан-орто бизнестердин саны азайган. Салык төлөмдөрү ашыкча болууда. Мындай абал токтобосо, ишкерлик кылгандар, чакан-орто бизнестер өсүп өнүкпөйт. Негизинен салык төлөп элди баккан ошол ишкерлер эмеспи. А биз ишкерлерге болгон куугунтук, кайдыгер мамилебиз менен жаркын келечекти түзө албайбыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити