Бекболот Талгарбеков: “Илимий иштериме кайтып келгем”
Башкы редакторубузга жолугуп кетип бараткан экс-министр агабызды токтотуп, саламдашып, маекке тарттым.
-- Бекболот мырза, Аслан иниңиз кейип калат. “Байкем саясаттан оолактап кетти. Дагы көп иштерди жасайт эле” деп...
-- Саясатты бизден кийинки муунга өткөрүп бергенбиз. Өзүм эмгек жолумду илим кызматкери болуп баштагам. Он бир жыл илимдер академиясында экономика институтунда иштегем да. Кандидаттык диссертация дагы жактагам.
-- Айтмакчы, сизди совет маалында жогорку даражалуу “Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты” деген наамды алган жападан-жалгыз экономист катары айтышат...
-- Отуз эки жашымда, 1987-жылы алгам.
-- Анан докторлук диссертация жактаган жоксузбу?
-- Жок. Анткени 1991-жылы докторантурага орун алып (агезде Москва бөлчү), илимдер академиясынын президентинин буйругу чыгарына бир жума калганда өлкөнүн президенти Аскар Акаев чакырып, "айыл чарба тармагын реформалоого жардам бер" деп өзүнө алып кетти. Ошону менен мамлекеттик кызматта жүрдүм. Бийликтен кеткенде коомдук иштер менен алектендим. Аны өзүңүз жакшы билесиз.
-- Эми эмне иш кылып жүрөсүз?
-- Илимде жүргөндө үч устатым болгон. Биринчиси илимий жетекчим ИА мүчө-корреспонденти Жумакан Лайлиев, экинчиси академик Турар Койчуев, үчүнчүсү экономика илим доктору Төлөбек Камчыбеков. Өткөн жылы Төлөбек агайым чакырып калды. “Мен үчүн сен академиксиң. Докторлук диссертация жактабасаң мени уятка калтырасың” деп илим талаасына кайра киргизип койгон. Ошондон бери илим жаатында алектенип келатам.
-- Жылыштар барбы?
-- Жарым-жартылай. Өлкөбүздө 90-жылдары жүргүзүлгөн айыл реформасы боюнча кыргыз тилинде китеп даярдадым. Жакында басмаканага берем. Анан күзүндө орус тилинде чоң илимий монография чыгарам. Ошол монография менен докторлук наамды жактоону пландап жатам.
-- Жакшы экен. Анда эмне үчүн жылыш "жарым-жартылай"?..
-- Тилекке каршы, илим тармагы да "коррупция" деген балээден куру калбаптыр. Докторлук диссертация жактоо үчүн кошумча он эки илимий макала болуш керек экен. Ал макалалар "Скопус" жана "WOS" деген статусу бар журналдарда гана жарык көрүшү боюнча талап бекитилиптир. Бул Ширшовдун электр тармагындагы коррупция схемасынын эле көчүрмөсү окшойт. Биздин өлкөдө андай журналдар жок болгондуктан атайын агенттиктер иштеп, бир макаланы жарым жылда чыгарып берүү үчүн орточо 800 доллар акы алышат экен. Соцтармактарда жарнама жайнайт. Чоң бизнес болуптур. Ошондо мен он эки макала үчүн он миң доллар төлөшүм керек болот.
-- Башка өлкөлөргө чыгып көрдүңүзбү?
-- Ооба. Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаев жакын таанышым болот. Ага маселени айтсам, "бизде андай коррупциялык схема жок, андай журналдарды тааныбайбыз" дейт.
-- Эми эмне кыласыз? Шакиртиңизге (Камчыбек Ташиев) кайрыласыз да?
-- Алгач ЖАКтын (жогорку аттестациялык комиссия) жаңы дайындала турган жетекчисине кайрылып көрөм. Ага кокусунан таза жетекчи келип калса, анда ал коррупциялык схеманы жоёр. Болбосо шакиртиме барам. "Же өзүң ЖАКтагы коррупциялык схеманы жоюп бер, же мага он миң доллар таап бер" деп (экөөбүз тең каткырып алдык).
-- Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук каалайм, байке!
-- Рахмат, иним.