Белгилүү cынчы, адабиятчы, профессор Кадыркул Даутов дүйнө салды

Белгилүү cынчы, адабиятчы, профессор Даутов Кадыркул агай дүйнө салды. Төмөндө агайдын өмүр баянына кенен токтоло кетели.
Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы, 1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985-1986-жылдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.
1999-2005-жылдары Чүй университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2005-2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.
1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Жарык көргөн китептери:
Кыргыз тилинде “Ырдын өмүрү” адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 112 б.
“Жаңы чектерге” адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 216 б.
“Главное – поиск” адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: 1982.
“Сөз өнөрүнүн эстетикасы” макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 191 б.
“Таланттар жана тагдырлар” адабий макалалар. – Ф.: Адабият, 1988. – 224 б.
“Тереңдиктер жана бийиктиктер” макалалар. – Ф.: Адабият, 1991. – 272 б.
“Адабий сын кантип жаралган?” монография. – Б.: 2002. – 247 б.
“Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү” монография – Б.: Басма Тамга, 2003. – 400 б.
“Мезгил сыны жана мен” – Б.: Бийиктик, 2004. – 525 б.
“Түркүн дүйнө элестеринен” – Б.: Бийиктик, 2005. – 333 б.
“Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” – Б.: Бийиктик, 2008. – 476 б.