Акыркы кабарлар
» Саясат » Алмазбек Атамбаев: “Мен карапайым соттолгондор менен отурам”
Алмазбек Атамбаев: “Мен карапайым соттолгондор менен отурам”
18-ноябрь, 21:55

18-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өттү. Анда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, №47 абакта жалпы камерада кармаларын айтты.
"Мен карапайым соттолгондор менен гана отурам. Жалгыз камерада кармалгандан көрө, кыйла жакшы. Бирок криминалдардын турмушу, жашоо-шарты меникинен кем эмес" деди Атамбаев.
Учурда соттук отурум уланууда.