Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ай сайын Бишкек шаардык ооруканага зомбулуктан 40-50 аял түшөт

Ай сайын Бишкек шаардык ооруканага зомбулуктан 40-50 аял түшөт

05-декабрь, 12:21
403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ай сайын Бишкек шаардык ооруканасына эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 40-50 аял келет. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.

Ага ылайык, гендердик зомбулукка каршы өтүп жаткан 16 күндүк кампаниянын алкагында Кыргызстандагы зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер жана балдар жөнүндө маалымат жыйын өткөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2021-жылы ИИМ сексуалдык зомбулук боюнча 604 учурду каттагандыгы айтылган. Анын 53 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жоктугунан токтотулган.

"Ал эми никеге туруу максатында кыз ала качуу 254 учур деп катталып, анын 84 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жок деп өндүрүштөн кыскартылган. 10 151 учур үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катары катталган. Анын ичинен 8 463 аялга жана 264 балага убактылуу коргоо ордери берилген", — деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер