Ата-энем каршы болсо да, балалуу келинге арзып калдым...
Бир күнү, тагыраагы беш ай мурда, көңүлүмө жаккан кыз менен кокустан таанышып калдым. Бир көргөндө эле жактыргам, артынан калбай жүрүп, бир айдан кийин тилин таап сүйлөшө баштагам. Оор басырыктуу, келбети да жакшынакай, түшүнүктүү жан экен. “Ушул кызга үйлөнөм” деп кудуңдап жүрсөм, баласы бар экен, мурда күйөөгө тийип чыгыптыр. Мен ал келинди чындап жакшы көрөм да...
Өткөндө ата-энеме чет-четин чыгарсам чалкасынан кетишти. “Элдин бетин кантип карайбыз, бирөөнүн баласы сага бала болуп бермек беле?” деп апам кейиди. Атам дагы “кыз калбай калыптырбы” деп урушуп койду.
Эмне кылышты билбей жатам. Ал келин менден эки жаш кичүү. Кызы беш жашка чыгыптыр, ата-энеси карап берет экен. Өзү болсо дүкөндөрдүн биринде соода кылып, кийим сатат. Күйөөсү көп ичип, кол көтөргөнүнөн кетип калганын айтты. Мага оңой менен адам жакчу эмес. Бул келинди кантип жактырып калганымды өзүм да билбей калдым. Апам “башыңды айлантып алган го” деп жаман көрүп жатат, бирок, мен арзыган аял андай эмес. Жөнөкөй, токтоо, күйүмдүү дагы...
Адилет Нурматов
Aryba.kg