Руслан Жакышев: “Жайыттар арендага берилсе, менчиктеп, ээлеп алышат”

-- Руслан мырза, жайыттар жөнүндө маселе көтөрүүңүзгө эмне себеп болду?
-- Мага Таластан, Жумгалдан чалып айтышты. “Азыр мал көбөйдү. Жайыттарга батпай калды. Союз кезинде алыскы жайыттарга көчүп барчу элек, азыр баралбай калдык. Себеби, сел, кыян жүрүп, жолдорду, көпүрөлөрдү жууп кеткен. Ошондуктан, алыс баралбай, жакынкы эле конуштарга отуруп калып атабыз. Жайыттын тардыгынан бири-бирибиз менен урушуп, жаман-жакшы айтышкан күндөрүбүз болууда. Жайыт комитети болсо, бир жылда бир жолу районго отчет бергенден башка эч кандай шарт түзө албайт. Коомдук уюм болгондон кийин ага эч кандай көзөмөл да жок” дешти.
-- Ошондо жайыт комитети эмне жумуш аткарышы керек?
-- Мен дагы сурадым да. Алар ар бир баш малдан тыйынын алып, шарт түзүп бериши керек экен. Жолун оңдоп, көпүрөсүн салып берип дегендей. Эл айтып жатат, “андан көрө айыл өкмөтүнө жайыттарды тейлөө боюнча бир штат ачылса жакшы болмок. Ар бир айыл өкмөт өз жайлоолорун өздөрү жакшы билет. Көйгөйлөрдү өздөрү чечишмек. Биз ошолордон сурап, талап кылып алмакпыз. Малдан түшкөн акча да айылдын социалдык муктаждыктарын чечкенге бир топ жардам болмок” дешүүдө.
-- Кечээ жакында эле жайыттар жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте чоң талкууга түшүп, артка кайтарылды. Добуш берүүдө сиздин позицияңыз кандай болду?
-- Мен каршы добуш бердим. “Жайыттарды жыйырма жылга арендага берүү” деген болбогон нерсе. Андан ары менчиктеп, ээлеп алышат.
"Азия Ньюс" гезити