Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Баарына каршы добуш берип, башаламан системаны таштандыга ыргыталы”

“Баарына каршы добуш берип, башаламан системаны таштандыга ыргыталы”

21-сентябрь, 07:57
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карапайым эл шайлоого аттанган партиялардын кайсынысына ишеничин артаарын билбей, биринен бири өткөн убадаларга тоюп турган учур. “Партиялардын кандай артыкчылыктарына, өзгөчөлүктөрүнө баа берип, кантип тандаса болот?” деген суроо менен белгилүү инсандарга кайрылдык. 

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:

-- Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан партияларды тандоодо жети өлчөп, бир кесүү абзел. Учурда 15 партия шайлоого катышып, ар бири өз максат-ниеттерин программаларында айтып келишет. Партияларды тандоодо Кыргыз мамлекетинин саясый-экономикалык, социалдык абалына олуттуу өсүү жолун түптөй алдыбы? Мамлекеттин, элдин улуттук кызыкчылыгын турмушка ашырууга адамдык, адискөйлүк даремети жетеби? Элим-жерим деген мекенчилдик духу барбы? Илим-билимдүү, сабаттуубу? Келечекти курууга өз принциптерин кармана алабы, же “жат” десе жаткан, “тур” десе турган шоу-кызыл кулактык кылган саясатчы болобу? Тактап айтканда, депутат – эл өкүлү чындап эл менен бийликтин ортосунда адилеттүү, мыйзамдуу башкарууга, өнүгүүгө салым кошо алабы? Же жөн эле куру кыйкырык, ач сүрөөн менен барып, тилинин учунда башка, дилинде башка ниетте болуп, кызыл кулак партия болобу? Мына ушулардын баарын таразалап, чыныгы элдик партияны тандоосу – учурдун зарылчылыгы болуп турат. Кыргыз жерине, элине асманыбыздын ачыктыгы чоң бакыт. Бирок өткөөл мезгилдин сабында жүрө бербей, ак менен караны айырмалоо мезгилине жеттик.

Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер:

-- Алар программаларын интернеттен көчүрүп алышкан. Ага ишенсең, эртең эле момун мусулмандар үчүн бейиш, а атеисттер үчүн коммунизм курулат. Президенттик шайлоолордо да ошондой эле кулакка кесме илмей программалар менен элди алдап келишет. Себеби, бизде партия жок экени 30 жылдык тарыхты үстүртөн эле карап чыксаң айдан-ачык көрүнүп турат. Кыскасы, бүгүн бар, эртең жок партияга тагдырыңды ишенип тапшыруу – жеткен аңкоолук. Башкасын айтпайын, “периштедей тазабыз деген партиянын тизмесин карасаңар, коррупционеринен баштап наркобаронуна чейин табасыңар. Ошондуктан баарына каршы добуш берип, Текебаев түзгөн башаламан бийлик системасын тарыхтын таштандысына ыргытпаса, Кыргызстан азыркы кептелген кризистен чыкпайт!

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

-- Алдыда шайлоо. Туура тандоо жүргүзүү – ар бир атуулдун милдети. Туура тандоо менен мекенибиздин келечегин аныктайбыз. Туура тандоо жүргүзүү үчүн өлкөбүздүн экономикалык-саясый жактан кубатсыз болушуна кимдер, эмнелер себепчи болуп келе жатканына көңүл бурсак. Жеке пикиримде, эч ким эч нерсеге жооп бербеген парламенттик башкаруу Кыргызстанды биротоло туңгуюкка алып келди. Системалык күрөш жасай ала турган, партиялык шайлоону жокко чыгарып, депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланып, өлкөнүн жоопкерчилигин президент колуна ала турган башкаруу системасын кайра курушубуз керек. Парламенттик башкаруу он жылда өз жемишин бербеди. Партиялардын өзгөчөлүктөрүнө, артыкчылыктарына баа бере турган болсок, биринчиден, партиянын басып өткөн жолу, тарыхы, программасы, өз принциптерин катуу карманганына көңүл бурушубуз керек. Экинчиден, партия лидеринин эрки, саясаттагы орду, тажрыйбасы, принциптерге бекемдиги каралат. Шайлоонун алдында түзүлө калган жаңы партияларга ишеним көргөзүү кооптуу деп эсептейм. Чыныгы партиялар жылдап түзүлөт. 

Андыктан, урматтуу замандаш, өлкөбүздүн тагдырын аныктоочу учурда турабыз. Татыктуу партияларды, туура адамдарды шайлайлы! Сатылбайлы!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер