Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чечкиндүү иштеп жаткан кадрларды “кыйбас адамдар” орто жолдон мүдүрүлтүшөт...

Чечкиндүү иштеп жаткан кадрларды “кыйбас адамдар” орто жолдон мүдүрүлтүшөт...

11-апрель, 09:00
404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия News” гезитинин башкы редактору урматтуу Асланбек Сартбаевге!

Өзүңүз билгендей, ушул жуманын башында президент Жапаров Садыр Нургожоевич катышкан социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында мен да сүйлөгөн элем. Ал жерде регламентке ылайык кыскартылып, тезис формасында болуп калгандыктан, ошол сөзүмдүн толук текстин сиздин гезитке сунуштап жатам. Мүмкүн болсо жарыялап койсоңуз.

Урматтуу агайын-туугандар!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Мен акыркы отуз жылдай мезгилден бери чоң саясаттын ичинде да, сыртында да болуп, саясатты изилдеген адаммын. Бирок негизги кесибим педагог, илим-билим менен алектенип келем. Ошондуктан элге билим берүү мага жакын жана анын дурус-буруш жактарын ичинен билем.

Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты: билим берүү, маданият жана саламаттык сактоонун чогуу каралышы, ага урматтуу президентибиздин катышып, терең маанилүү сөз сүйлөшү – бул тармакта иштегендердин демине-дем, күчүнө-күч кошот деп ойлойм.

Пландуу экономикадан рынокко өтүүдө так ушул багытта эмгектенгендер өтө жабыркашты, аялуу катмарга айланышты. Анткени алар өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору, турмуштун кыйындыгына, материалдык жетишпестиктерге карабастан, аскер адамындай, өз постторун таштап кетишкен жок. Андан бери бир топ убакыт өттү, баа саясаты өзгөрүп, элдин чыгымдары байма-бай өсүп жатты. Азыр ушул аялуу катмардын айлык маянасы 50-100%га көтөрүлүшү – бул тарыхый чечим, өз убагында каралган иш-чара.

Албетте, азыр коомдун дээрлик баардык сферасында абал оор. Бирок, ошолордун эң негизгиси, анын башаты болгон мектеп жана мугалимдер. Ошондуктан бүгүнкү иш-чарада президенттин докладында жана министр А.Бейшеналиевдин сөзүндө негизги ойдун мына ушул мектеп мугалимдерине бурулушу, албетте, жагымдуу. Мектептин чабал бүтүрүүчүсү ЖОЖду да начар аяктап, келечекте билимсиз адис пайда болот. Мындай инсан мамлекеттин жүгүн көтөрүп кете албайт. Мезгилге, бүгүнкү глобалдуу дүйнөнүн чакырыктарына жараша, техникалык кесиптерге, табигый илимдерге, математикага жана IT технологияларына басым жасообуз керек.

Мугалимдердин материалдык абалын оңдоо менен биз алардан окутуунун сапатын талап кылсак болот. Демек, биз сапаттуу мугалимдерди даядашыбыз керек. Бирок, бизде мурдагыдай, жалаң гана педагогдорду даярдоо менен алектенген жогорку окуу жайлар жоктугу ойлондурат. Айрым бир ЖОЖдордогу педагогикалык факультеттер жаштарды эски методология жана эски окуу куралдар менен окутууда. Заман жана талап өзгөрдү. 

Жакынкы 3-5-10 жылда кайсы айыл, район, регионго канча мугалим талап кылынат, кайсы сабактар боюнча муктаждык бар экенин прогноздоо жана пландоо аркылуу эсептеп чыгуу менен адистерди даректүү түрдө стимулдап даярдашыбыз шарт. Педагогикалык ЖОЖдун бүтүрүүчүсү кайсы жерде иштээри, кандай социалдык колдоо болоору жана канча маяна алаары белгилүү болсо, Акылбек Үсөнбекович айткандай, кыздар “мугалимдерге гана турмушка чыгам” деп калат, мугалимдердин статусу жана коомдогу аброю өсөт. 

Президентибиз Садыр Нургожоевичтин элге билим берүүгө басым жасаганы жана чечкиндүү кадам таштаганы – бул тармакка жаш, четтен жана өзүбүздөн окуп, иштеп, тажрыйба топтогон Алмаз Бейшеналиевди ушул стратегиялык мааниге ээ болгон министрликке алып келгени коомчулукта жылуу пикир жаратты десек болот. Министрлик кыска убакытта олуттуу демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыра башташы, мисалы, мамлекет менен жеке сектордун (государственно-частное партнерство) кызматташуусун ийгиликтүү алып кетүүсү башка министрлик менен ведомстволорго үлгү болуп бере алат. 

Экинчи маселе – баардык нерсе айланып келип каржы маселесине такалат. Бул жагынан Акылбек Үсөнбековичтин бюджеттин киреше бөлүгүн кескин жогорулатуу боюнча радикалдуу кадамдары экономика боюнча кабары барларды кубантууда. Эгерде бул чечкиндүү аракеттер иш жүзүнө ашса, мугалимдерди да, дарыгерлерди да, маданият кызматкерлерин жана илимди да толук кандуу каржылоого шарт болот. Бул жагынан бир гана президент жакындан колдоосу керек.

Үчүнчү маселе – идеология тууралуу. Биз 30 жылдан бери идеологияны издеп келебиз, том-том китептер менен макалалар жазылды, кандайдыр бир расмий документтер да кабыл алынды. Бирок, издегенибизди дагы эле таба элекпиз. Жалпак тил менен айтканда, идеология деген – биз кандай мамлекетти курабыз, кандай саясат тутунабыз, ага бара турган стратегиялык жолду көрсөтө турган багыт.

Ал деген сөз, урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин улут кызыкчылыгында жана кыргызстандыктардын жаркын келечеги боюнча айтылган сөзүңүздүн, кылган кадамыңыздын, жасаган иш-аракеттериңиздин өзү идеологиянын башаты. Өткөндө Баткенде иш сапарыңыз менен болгондо, «Кыргызстан Лейлектен башталат» дегениңизде эле канча идеология камтылган?! Мамлекеттик катчы идеология боюнча азыр жан аябай аракет кылып жатат. Мындай аракеттер, албетте, колдоону талап кылат.

Аягында айтарым, урматтуу Садыр Нургожоевич, шайлоо кампаниясында сиз “эгер президент болуп калсам, амбициялуу жигиттерди топтойм” дегенсиз, чынында эле тажрыйбасы бар, заманбап билимдүү адистерди тарттыңыз. Бул ишиңизди туура деш керек. Күчтүү жетекчи гана күчтүү кадрларды тегерегине топтойт. 

Ушул тапта социалдык тармакты тейлеген Эдил Байсалов баш болгон жакшы команда түздүңүз, аларга ишенип, мандатты жана карт-бланшты бериңиз. Болбосо, чечкиндүү иштеп жаткан кадрларды да биз – кыргыздар, “кыйбас адамдар” аркылуу шыбырап-жамандап отуруп, орто жолдон мүдүрүлтүшөт.

Азыр биз пир тутуп келген Батыштын демократиясы Макрондун айтымында, “жинди болуп кеткен” кыйчалыш кезде, турбуленттик геосаясий абалда өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү сактап, миңдеген кылымдан келе жаткан «кыргыз» деген атыбызды, «кыргызстандык» деген наамыбызды бийик тутуп, бакубат өлкөнү, жаркын келечекти куралы. Көңүл бургандарыңызга рахмат!


Урматтоо менен Жолборс Жоробеков 

P.S. Президент Садыр Нургожоевич жыйындын акырында мен белгилеген жагдайда тегерегиндеги кадрларга карт-бланш берип, алардын аракетин толук колдогонун, “мен канча отурсам, силер да ошончо отурасыңар. Бир гана уурдабагыла, элдин акысын жебегиле!” деп айтканы соцтармактарда жакшы кабыл алынгандыгын белгилей кетейин. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер