Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зомбулукка кабылган 13 жашар кызга 760 миң сом чогулду. Каражат кайда жумшалат?

Зомбулукка кабылган 13 жашар кызга 760 миң сом чогулду. Каражат кайда жумшалат?

02-август, 17:57
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кызга жардам берүү максатында каражат топтоо акциясында 763 миң 242 сом чогулду. Бул тууралуу акциянын демилгечилеринин бири, алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

“Сиздердин жардамыңыздар менен 763 миң 242 сом чогулду. Бул ишти “Оазис Кыргызстан” фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиеваөз көзөмөлүнө алып, жүргүзүп жатат. Кечээ күнү кыздын атасына 100 миң сом каражат берилди. Калган каражат атайын эсепке которулуп, кыздын билим алуусуна жумшалат” деп билдирди ал.

Буга чейин топтолуп жаткан каражаттан учурда турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн муктаждыктарына 50 миң сом, ошондой эле кыздын дарылануусуна 100 миң берилген эле.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер