Жети жаш улуу эже сүйүүсүн арнап, айламды кетирүүдө
Мен эмне кылышымды билбей турам. Жашым 23тө. Ата-энеме жардам берүү ниети менен чет жакка иштегени чыгып кеткем. Санкт-Петербург шаарына келип, жумушка орноштум, жакшы иштеп жүрдүм. Бир күнү жумушум болбой, таанышым аркылуу башка жумушка бардым. Иштеп атканыма 2-3 айдын жүзү болгон эле. Чогуу иштеген өзүмдөн жети жаш улуу, турмуштан ажырашкан эже мени жактырып калган экен, жаныма келип, сүйүүсүн билдирди. Эмне дешимди билбей, унчукпай иштен чыгып кетип калдым. Эртеси да ошол көрүнүш. Эч эле жол бербей, аркамдан жүрүп алды. Өзүм аябай жоош жигитмин. Акыркы күндөрү мен дагы ага имериле баштадым. Ошентип сүйлөшүп кеттик. Ортобузда көп нерсе болду. Мамилебиз аябай жакшырып кетти. Акыркы күндөрү чогуу иштеген кыздардан кызганып, уруша да баштадык. “Мен сага тийем” дей берет эле. Мен башында эле “менден бир топ жаш улуу экенсиз, сизге үйлөнө албайм” деп айткам. Бирок ага карабай, мени алдап, өзүнө байлап алды. Баарынан тажаганыман башка шаарга жумуш которуп кетип калдым. Ал эже азыр да чалат, жазат, мен да аны унута албай отурам. Эми кандай жолду тандасам?..
Максат
"Азия Ньюс" гезити