Кыргыз жергеси нефтиге бай, бирок эмнеге башкаларга көз карандыбыз?


Жакында эле “Кыргызнефтегаз” боюнча кеңири талкуу болуп, 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2025-жылга карата дагы кандай маселелери, көйгөйлөрү бар экендиги боюнча талкуу кылып, жыйынтыгында протоколдук чечим да кабыл алынды. Акырында бул документти министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жөнөттүк. Ал жерде чечилбей жаткан маселелер, көйгөйлөр тууралуу токтолуп, сунуш иретинде билдирдик.
“Кыргызнефтегаздын” ишмердүүлүгүнө токтоло кетсек, 2024-жылы мекеме жалпы 177 миң тонна мунай өндүрдү, ал эми газдын көлөмү 28 миллион куб/метрге жетти. Бул пландагы көрсөткүчтөрдөн бир аз төмөн болгон, бирок баары бир жаман эмес натыйжа. Жалпысынан мекеменин таза кирешеси 2,9 миллиард сомду түздү. Ал эми мамлекеттин бюджетине 618 миллион сом дивиденд катары төгүлгөн. Бул аябай жакшы көрсөткүч.
Бүгүнкү күндө ГКЗ боюнча запастар: мунай 89,8 миллион тонна, ал эми газ болсо 5,8 миллиард куб/метр деп бааланууда. Бул Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Биз финансылык жолдорду таап, өздөштүрө турган болсок, анда Кыргызстанды чийки зат, нефть продукт менен өзүбүздү камсыздап алууга мүмкүнчүлүктөр бар. ГКЗга жайгашкан нефть менен газ 22,3 миң чарчы чакырым жер деп эсептелинет. Алардын ичинен 5 миң чакырым жери Фергана өрөөнүндө жайгашып, учурда активдүү өндүрүш жүрүп жатат.
Биринчи жолу Кыргызстанда нефть тууралуу маалымат 1806-жылы чыккан экен. Ал эми нефть өндүрүү тарыхы 1901-жылдан башталат. Ошондон бери союз учурунда көптөгөн геологиялык чалгындоолор жүргүзүлүп, учурда өлкө аймагында 10 ири ойдуңдар бар экени аныкталган. Ошол ойдуңдарда 765 миллиондон 1 миллиард 365 миллион тоннага чейин болжолдуу нефтинин запасы бар деп айтылат. Ал запастарды бөлүштүрө келгенде чыгыш Фергана өрөөнүндө 245-260 миллион тонна, ал эми Чүйдүн чыгыш тарабында 120-180 миллион тонна, Ысык-Көл ойдуңунда 90-180 миллион тонна. Аксай, Арпа, Талас, Жумгал сыяктуу ойдуңдарда нефтинин болжолдуу запастары жалпы 1 миллиард 360 миллион тоннага чейин бар экени божомолдонууда. 2,1 миллиард тонна шарттуу отун потенциалы да бар. Бул кыргыз жергеси үчүн өтө чоң көлөм.
Азыркы учурда Кыргызстан жылына 1,6 миллион тонна мунайзат керектейт. Эгер жогоруда айтылган запастардын жок дегенде 50%ы өздөштүрүлсө, анда өлкө жүздөгөн жылдарга жетчү күйүүчү май менен камсыз болушу мүмкүн. Бирок чийки нефтини кайра иштетүү жаатында кыйынчылыктар жаралып, Россия жана Казакстандан ташылып келип жатат.
Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз-Петролеум" заводу учурда нефть иштетип, кайра жаңылануу иштерин жүргүзүүдө. Бул завод келечекте евростандарттагы бензин жана майлар менен камсыз кыла алат.
Өлкө аймагында 2400дөн ашык нефть жана газ скважиналары бар, алардын 900гө жакыны гана “Кыргызнефтегазга” тийешелүү. Ал эми 200гө жакыны башка компаниялардын колунда. Ошол эле мезгилде Өзбекстан, Тажикстандан да алган скважиналар бар. Биз ошол маселелердин үстүндө да иштеп, чечүү аракеттерин жүргүзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө өзбек тараптан 192 нефть жана газ объектисин кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө. 13 скважинаны Тажикстандан өткөрүп алган экенбиз. 2400 скважинанын жогоруда айтылып кеткенден сырткары кайсы жерде кайсы скважиналар жайгашкан алардын келечеги кандай (?), бул боюнча көп иштерди алып барышыбыз зарыл.
“Кыргызнефтегаз” өз ишмердүүлүгүн жакшы жүргүзүүдө. Акыркы учурда дагы кошумча 5 лицензия алынды. Жалпы нефть менен газга берилген лицензиялардын саны 50дөн ашык болсо, анын 14ү гана “Кыргызнефтегазга” тийешелүү. Калганы башка компанияларга берилген. Булар да өзүнчө талкууга алына турган маселе.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы нефть жана газ тармагына байланыштуу үмүт артууга себеп болчу бир мүмкүнчүлүк катары «Кыргызнефтегаз» ишканасын колдоо зарыл. Бул ишкана регионалдык деңгээлдеги мекеме катары жалпы республикадагы нефть, газ тармагындагы саясатты жана инвестициялык пландарды жүргүзүүдө активдүү болушу керек. Ошондой эле башка лицензия алган мекемелер менен түздөн-түз иштешип, алардын иштерине байкоо жүргүзүп, келечекте кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин аныктоо зарыл.
Мына ушул учурда бул компанияга кошумча каржылык колдоо көрсөтүү зарыл болуп турат. Себеби, жогоруда айтылгандай, мурдагы скважиналардан жана жаңы ачылган ойдуң жерлерден кошумча нефть жана газ өндүрсөк, өлкөнүн ички муктаждыгын жабууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул маселеге байланыштуу «Кыргызнефтегаз» ишканасынын башында көп жылдык тажрыйбасы бар, мурда жетекчи болуп иштеген Апас Жумагулович дагы “тегерек үстөлгө” катышып, келечекке карата баалуу ойлорун, сунуштарын айтты. Биз бул сунуштарды чогултуп, расмий түрдө жарыялап, коомчулукка жана президент Садыр Нургожоевичке, өкмөт башчысына, министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиевге да жөнөттүк.
“Кыргызнефтегаз” мекемесин жалпы нефть жана газ саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү мекемеге айлантуу зарыл. Башка майда компаниялар ошол мекеменин айланасында гана иш жүргүзүүсү шарт. Бул сунуштардын баары бирдиктүү саясат жүргүзүүгө багытталган. Эгерде «Кыргызнефтегаз» ишканасы жакшы стратегиялык программа түзүп, аны ишке ашыра алса, бул маселенин келечекте чечилишине чоң жардам болот. Ошондуктан, биз бул багытта активдүү иш алып барып, тыгыз кызматташууга тийишпиз.
Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы
"Азия Ньюс" гезити











