Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөмдү мурунку аялы менен кармап алдым. Экөөнү кантип ажыратам?..
Күйөөмдү мурунку аялы менен кармап алдым. Экөөнү кантип ажыратам?..
11-январь, 16:59

Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болду. Эркек балабыз бар. Бир күнү жолдошумдун мурунку аялы менен кучакташып түшкөн сүрөтүн көрүп калдым. Ошол күндөн тарта уруш күчөдү. Ал аялынан кызы бар, 8 жашта. Мен алардын 3 жылдан берки перепискасын окуп чыктым, жолдошум сүйүктүүсүнө мамиле кылгандай эле урмат-сыйда экен. Аны менен кайненем ажыраштырып алыптыр. Себеби, анысы көп ичип кетиптир...
Эми эмне кылам? Жолдошум экөөбүздүн мыйзамдуу күбөлүгүбүз да жок. Бир гана никебиз кыйылган. Ал аялы Одноклассникке экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, “биз кайрадан биргебиз” деп чыгарып жатат. Кайын журтум мени өз кызындай көрөт. Жолдошум ага “барбайм” деп, бирок болбой эле барат. Эмне кыларымды билбей калдым, айлам түгөнүп отурат...
Назира