Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясатчы Ахматбек Келдибековду элибиз сагынып калыптыр
Саясатчы Ахматбек Келдибековду элибиз сагынып калыптыр
12-февраль, 21:50


Жакында Ахматбек Келдибеков айгыр минип, улак тарткан аянттан көрүндү. (Булуттан чыккан айга окшоп.) Жаштарга кайрылып, улууларды сыйлоо боюнча акыл-насаатын айтканына күбө болдук. Ал видео соцтармакка тарап, талкуу жаратты. Көралбагандар, душмандары жамандашып, ал эми калыс карагандар туура, түз көз караштарын жазып жатышты. Негизи Ахматбек мырзаны элибиз сагынып калыптыр. Алдыдагы саясый чоң таймаштардан көрөбүзбү?..











