Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Боронов: “Коронавирустан 149, пневмониядан 497 жаран каза тапты”

Кубатбек Боронов: “Коронавирустан 149, пневмониядан 497 жаран каза тапты”

14-июль, 18:19
945 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн алдыдагы иштер боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Өз кезегинде Боронов өлкөдө кырдаал оор боюнча калып жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө кырдаал оор боюнча калууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, күндө биздин жарандарыбыздын бул дүйнө менен кош айтышып кетип жатат. Ошону менен бирге биздин ооруканада жаткан жарандарыбыздын жаңы келип кайрылуулары болууда. Баардыгы болуп коронавирус аныкталган адамдардын саны 11 миң 538 адамды түздү. Тилекке каршы, 149 жараныбыз кайтыш болду.

Ал эми пневмония оорусу менен 8 миң 15 жаран кайрылды. Анын 2 миң 922си дарыланып, айыгып чыгышты. 497 жаран, тилекке каршы, кайтыш болду. Ооруканада 4 миң 596 жаран дарыланууда. Анын 125и оор, 25и өтө оор", - деди Боронов.

Мындан тышкары, ал коронавирус жана пневмония ооруларына карата жакынкы күндөрү Индия, Орусия, Иран, Кытай жана Пакистан өлкөлөрүнөн дары-дармектер сатып алынарын айтты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер