Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жагылбай калган жарыктар...

Жагылбай калган жарыктар...

16-февраль, 15:17
825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндө бир жылда 56 миллион аял бойдон алдырат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган маалыматта аныкталды. Пайда болгон түйүлдүктөрдүн 25 пайызы абортко кабылууда. Аборт жасаткандардын жашы 15тен 44 жашка чейинки аялдар.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коопсуз бойдон алдыруулардын саны 22 миллионго чукул. Мындай кырдаалдан улам 7 миллион аял ден соолугунан жабыркап, ооруканага кайрылат. Аборттон кийинки өтүшүп кеткен оорулар дүйнө экономикасына 680 миллион доллар зыян алып келүүдө. Ал эми коопсуз аборт жасаткан аялдардын 13,2 пайызы өлүмгө дуушар болууда.

Биздин Кыргызстанда жыл сайын 22 миңден ашык аял бойдон алдырат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. 


Канализацияга ташталган түйүлдүктөр

Ушундан улам, дегеле аборт жасалган түйүлдүктөр жана бойдон түшкөн балдар кайда жиберилери боюнча суроо туулбай койбойт. Негизи медицинада 12 жумага чейинки түйүлдүк аборт жолу менен алынат. Бул мөөнөттөн чоңдору жасалма жол менен төрөтүлөт. Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде иштеген, аты-жөнүн атагысы келбеген медайым бойдон алынган түйүлдүктөрдүн 12 жумага чейинкилери канализацияга агызыларын айтты.

“Бойдон алдыруу учурунда түйүлдүк көп учурда былжыр канга айланып калат. Аларды кан калдыктары менен кошо унитазга төгүп жиберебиз” дейт. Медайым 5-6 жыл мурунку практикасында түйүлдүктөрдү башка медицина калдыктары (шприц, колдонулган дарылар) менен кошо таштандыга ыргытып жиберген учурлардын болгонун жашырбайт.

Ал эми аборт болгон балдар кайда кетери тууралуу Чүй облустук төрөт үйүнүн акушери Бактыгүл Исмаилова ал ымыркайлардын дароо өлүкканага жиберилерин ачык маалымдаган. “Аборт жасалганы, бойдон түшкөнү жана ичтен чарчап калганы – баары тең “тез жардам” унаасы менен дароо моргго жөнөтүлөт. Ал жактан кандай жол менен кантип көмүлөрү бизге белгисиз” деген Бактыгүл айым.


Аборт эч качан ден соолукка пайда алып келбейт

Дасыккан дарыгерлердин айтымында, аборт ден соолукка пайда алып келбейт. Организминде гормоналдык бузулуу, жатындын миомасы, мастопатия дегендердин көбү аборттон чыгат. Мисалы, аялдын боюна бүткөндөн баштап, анын организминин гормондору төрөткө даярдана башташат. Эмчеги желиндеп, денеси да өзгөрүлөт. Ошол бала төрөөгө даярдана баштаган организмди дароо эле балта менен кескендей токтотуп салганда, баланс бузулат. Аборттон кийин да организмди кайра мурдагыдай калыбына келтирүү үчүн жакшылап дарылануу керек. Негизи колдон келсе, аялзаты бойдон алдырбай төрөгөнү жакшы, эгер балалуу болууну каалабаса, анда жакшылап сактануу оң. Аборт жасаткандан кийин аялдын организми кайра эле бойго бүтүрүүгө даяр болуп калат да, 2-3 жумадан кийин эле 50-70% аялдардын боюна бүтүп калуу коркунучу бар.


Бойдон түшүргөн таблеткалардын кесепети

Дары менен бойдон алдыруу жеңил угулганы менен башка аборттордой эле кооптуу. Аборт -- денеге, ден соолукка зыян келтирүү. Дары-дармек менен бойдон түшүргөндө деле аял физиологиялык жактан да, психологиялык жактан да зыян тартат. Мисалы, «мен боюман алдырдым» деген ой ал аялды дайыма коштоп, стресске кабылтат.

Ал эми физиологиялык жактан аборт азыр же эртең болбосо да кийин же жаш өткөндө сөзсүз кедергисин тийгизет. Биринчиден, дары күчтүү болуп, башка органдарга туура эмес таасир этет, кан көп кетип, аз кандуулукка алып келет. Дары менен бойдон алдырганда төрөгөн сыяктуу эле жатын калыбына келе элек болуп, түрдүү инфекциялар кирип кетиши мүмкүн. Эң коркунучтуусу -- кийин балалуу боло албай калышыңыз толук мүмкүн. Негизи эле аборт көптөгөн гинекологиялык ооруларга жол ачат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер