Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыдыковго кызматты жездеси Айдаров 300 миң долларга сатып бергенби?

Сыдыковго кызматты жездеси Айдаров 300 миң долларга сатып бергенби?

10-январь, 22:28
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген макалды эрксизден эстейсиң... “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилигине чуу менен барган Бакыт Сыдыковдун он күндөн кийин кызматтан кетери айтылган. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү... Ал Курманбек Бакиевдин режиминде аэропортту каалагандай калчап, байып, коррупцияга шектелгени унутулдубу? Камалып кетерде атасы Үсөн акенин кадыры менен сакталып калбады беле? Таңгаласың. Мындан башка кризис-менеджер жокпу? Көрсө, бийликтин баркы мына ушундай “калбырлуу” кадрлардан кетет тура. Эл арасында кеп болууда. Эмесе, суроо салалы: Бакыт Сыдыковдун жездеси Нургазы Айдаров 300 миң долларга аталган кызматты кайнисине сатып берди беле? Санаалаштарына мактанганы аныкпы? Бул соболдорго жооп бере алышабы? Учурда саясатчылар арасында кызуу талкууга алынууда... Ток этери, Садыр Жапаров президенттик кызматка шайланса, адилеттүүлүктү тутунуп, Бакыт Сыдыков сыяктуу “бай-манаптардан” кутуларына ишене туралы. Жигиттик сөзү жерде калбаса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер