Жамалбек Рысалиев жаш баланын оюнун качан токтотот?


Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Рысалиев жол таптаган оор техниканы минип алып, ары-бери айдап жүрөт. Ушундай көрүнүшүн видеого тарттырып, соцтармакка таратууда. Кылган пиарын карасаң! Эмнеге мынча жеңил ойлуу? Эгерде жол кургусу келип атса, анда вице-мэрлик кызматын таштап, асфальт төшөп, карапайым жумушчу болуп алсын да. Жаш баланын оюнун жасап жүрсө, жогору жактан бир да жетекчи тыйып койбогону таңгалдырат. Анан калса, Жамалбек Рысалиев шаардын жашоочуларына, айрыкча жол жасалып жатканда эреже бузгандарды дайыма “мал” деп жазат. Ушинтип Фейсбуктагы баракчасына чыгарат. Бул дагы мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Баардыгына мыйзамдуу караш керек да. Айтор, Жамалбектин жоруктары жанга жакпай, көпчүлүктүн жинин келтирүүдө. Мына ушундайлар бийликтин беделин түшүрүүгө жарап жаткандай...
"Азия Ньюс" гезити











