Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокенин диний фанаттары өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосо беришеби?

Сокенин диний фанаттары өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосо беришеби?

08-август, 22:03
1 825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Территориясы жагынан учу-кыйрына көз жетпеген Россияны саналуу гана адамдар башкарса, бир жарым миллиард калкы бар кылкылдаган Кытайды ашып кетсе беш мыктысы башкарат. Анткени баары биригишип, улуу жол башчы В.И.Ленин негиздеген коммунисттик системанын принциптерине баш ийишет.

Бизде болсо, болгону 6 миллион калкы бар кичинекей Кыргызстанды миңдеген коррупционерлер башкарып алышып, кыргыз мамлекетин жок болуу чегине алып келишти. Баарынын “принциби” – бийлик, байлык, акча. Мамлекетти талап-тоногон жагынан илгерки басмачылардан ашып түшүштү. Эске салсак, мындан бир кылым мурда Фергана өрөөнүнөн чыккан басмачылар СССР мамлекетине катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө ошолордун укум-тукумдары кыргыз бийлигин каптап кетишип, мамлекетти бир кылым артка тартышууда. Көп шылуундар Сооронбай Жээнбековдун убагында диний фанаттарга айланышып, ака-үкалардын коррупциялык жана мафиялык бийлигин бекемдешти. Өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо жасашты. Алардын “басмачылыгынан” тажап бүткөн кыргыз эли көтөрүлүп чыгып, баарын айдап чыгышты эле, бирок тууганчыл, жердешчил, динчил немелер өздөрүнүн кландарын түзүшүп, биротоло чырмалышып калышкандай. Афганистанды каптап кеткен талибандар менен Кыргызстанды каптап кеткен коррупциянын менталитети, диний көз караштары, максаттары бир болуп, бийликке келүү аракетин көрүшүүдө. Бир кылым артта калган адамдардын башкаруусундагы өлкөдө үчүнчү элдик революция болуп, Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары айдалып чыгышканын унутуп калыштыбы? Же эч кимиси эч жакка айдалып чыкпаган эски желмогуздарга жаңы бийликтин экү-үч адамы келип кошулуп калыштыбы?

Бирин-бири кубалашып жүрө бербей ийри отуруп түз кеңешип, сүйлөшүү жолу менен чечип алышканы бир чети жакшы болду (!) дейли. Анүстүнө Акүйдөн баштап айыл өкмөттөрүнө чейин отуруп алышкан ака-үкалардын адамдары куугунтукка алынбастыгы жөнүндө сүйлөшүлгөн экен. Бул жагын эске албаган кыргыз эли “эмне үчүн коррупцияга каршы күрөш тандалма болууда?” деп нааразы. Мындан сырткары, төңкөрүш убагындагы телекөрсөтүүдө С.Жээнбеков, С.Жапаров, К.Исаевдин сүйлөшүүсү көрсөтүлүп, Садыр Жапаров “сиздин айтканыңыз туура, биз баарына макулбуз, баары аткарылат, жакшы болот” дегендей башын ийкегилеп отурса, К.Исаев эмоциясын билдирбей жөн гана карап отурду. “Корбашыга” каяша айтып ачуусуна тийип алышса, же баштарынан айрылып, же басмачылардын баары көтөрүлүп чыгышып, Кыргызстанды кымгуут кылып ийишерин билип турушканы ыраспы? Байкалып эле турду го? Ошол күндөн ушул күнгө чейин “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деп итжыгылыш болуп келатышат. 

Жалпы жыйынтыгында, кыргыз бийлигиндеги 99 көйгөйдү канча жолу өзгөртүшүп, ар кандай импровизацияларды кыла бергенден эмне таптык? Бүгүнкү болуп жаткан дүйнөлүк кризиске, коронавируска, геосаясый оор абалга эски-жаңы кыргыз бийлиги туруштук бере албасы белгилүү. Анткени ич ара тирешүү, бири-бирине бут тосуу, өч алуу, көралбастык жана башка кыргыздын ит оорулары толтура. Улуу Манастын осуяты “бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө” деп турса, капиталисттерди Кудайындай көрүп алган кыргыздар илгерки басмачылардай топ-топко бөлүнүп, “партия” деп аталган коррупциялык уюмдарга биригип, бийликке жутунганды гана билишет. Пайда издеген шылуундар бийликке келишип, мамлекеттин акча каражатын оборотко салышып, коррупциялык жолдор менен миллионер-миллиардер болгулары келишет. Мындай шылуундардын ачкөздүгү Кыргызстанды коррупциялык өлкөгө айлантып жатканын жеке эле кыргыз эли эмес, эл аралык коомчулук деле көрүп турат. Кыргызстандын экономикасын талкалап бүткөн капиталисттер кыргыз элинин биримдигин жок кылыш үчүн коррупционерлерди чыгарып турган инкубатор сыяктуу көп партиялуу системаны атайын орнотушкан...

Демек, Кыргызстанды сактап калыш үчүн көп партиялуу системаны жоюш керек. Ошондо партиялар арасындагы тирешүүлөр, шайлоодогу административдик ресурс, подкуп, фальсификациялар автоматтык түрдө жок болот. Кыргыз эли бөлүнүп-жарылуудан, тирешүүдөн кутулуп, жай турмушка өтөт. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн татыктуу патриоттор бир гана коммунисттик партияга биригиши шарт. Кыргызстанда Россия президенти В.Путинден кем калбаган татыктуу таза кыргыздар бар. Кыргызстанды калыбына келтириш үчүн коммунисттик идеологияны жүз пайыз орнотуп, кыргыз элинин аң-сезимин 180 градуска буруу абзел. Ошондо гана кыргыз мамлекетин талап-тоноп, уурдап келген бүгүнкү күндүн “басмачыларына” бөгөт коюлат.

Улуу Манастын осуяты тепсендиде калып, капиталисттер таңуулаган көп партиялуу система коррупция менен мафиянын армиясын түзүп турса, мамлекет боло албайбыз. Кыргызстанды сактап калуу милдетин аткара албай калсак, Россия менен Кытайдын жардамына муктаж болобуз. Эч кимге жалдырабаган улуу эл экенибизди көрсөтө турган мезгил келди.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер