Коронавирусту эмне менен дарылап жатышат?
Коронавирус Covid-19 он бир өлкөнүн аймагында үч миңдей кишинин өмүрүн алды. Кытайдан сырткары өлүмгө алып келген учур Австралия, Иран, Испания, Италия, АКШ, Таиланд, Тайван, Франция, Түштүк Корея, Жапония жана Филиппинде катталып, жалпысынан 165 киши көз жумду.
Бирок коронавирус инфекциясы катталгандан бери расмий түрдө оору аныкталган 50 миң киши айыгып кеткен. 14 күндөн бери айыгып жаткандардын саны жаңы катталгандардан ашып түштү. Бирок, дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар вакцинаны али таба элек. “Дагы бир нече ай убакыт сарпталат” деп айтып жатышат.
Дарыны АКШ жана башка өлкөлөрдө бир нече компаниялар сыноодон өткөрүүдө. Вакцинаны кишилерге сынап көрүү апрелдин башында болору күтүлүп жатат. Андан кийин анын эффективдүүлүгү текшерилип, бюрократиялык формалдуулуктан өтөт. Ошентип жыл соңуна чейин барат.
“Азия Ньюс” гезити