Чолпон айым, бул неошовинисттик демарш – ашынган абийирсиздик эмей эмне?!


«1991-1996 годы правления государством были трагически преступными…»
(В.В.Путин, 13-май 2019-ж. Казань ш.)
Ачык кат
Урматтуу Чолпон айым!
«Кыздын кырк чачы улуу» деген түшүнүгүбүздү эске алып, сизге, урматтуу профессор, белгилүү коомдук ишмер айым катары, жашым улуу болсо да (81 жаш), өзүңүзгө атайын кайрылып, бардыгыбызды кызыктырган улуу кыргыз элинин эне тилинин азыркы тагдыры тууралуу бир-эки ооз сөзүмдү айтып коюуну туура көрүп турам. Анткени, өткөн кылымдын 60-жылдарында өлкөдө тоталитардык система күч алып, “интернационалдык тарбиянын негизинде бирдиктүү совет элин курабыз” деген ураан менен бийликке келген неошовинисттер ар бир союздук республиканын жетекчилигине өздөрүнүн гана идеологиясын таңуулап келишкен.
Чынын айтыш керек, улуу Лениндин тең укуктуулукта жана биримдикте социализмди курууга даярдап өстүргөн көп улуттуу кадрлары жана генералиссимус Сталиндин фашизмди жеңген патриот жоокерлеринин бири да бул неошовинисттердин авантюрасына жол беришкен жок. Бир гана Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынан политбюрого келип түшкөн арыздын негизинде “улутчулдук саясатты жүргүзгөндүгү үчүн” деген аныктама менен он жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп жан-дили менен элине ак эмгегин арнаган инсан Исхак Раззаков ишинен четтетилип, анын ордуна интернационализмди туу туткан тарых илимдеринин кандидаты кызматка дайындалган.
Арадан үч ай өтпөй жаңы шартта жаңыдан түзүлгөн өкмөттүн жарлыгы менен “Мындан ары орус тилдүү мектептерде кыргыз тил сабагы ыктыярдуу түрдө окутулат” деген токтом чыкты. Ал убакта мен Чолпон-Ата орус мектебинин 10-классында окучумун. Ошол күнү класс жетекчибиз Александра Николаевна Морозова атайын келип, “мындан ары кыргыз тил сабагын окуйсуңарбы?” деп сурады. Орус балдар “ур-ра, зачем?” деп чуулдап, кубанып калышты, а биз болсо эки кыргыз кыз жана мен унчукпай тим болдук. Ошентип өнүккөн социализмдин доорунда кылым карыткан улуу кыргыз элинин улуу тили, адабияты, маданияты тоталитардык системанын курмандыгына чалынып, тебеленип-тепселип, ушул убакытка чейин илең-салаң болуп, бутуна тура албай келет.
Эми минтип эгемендүүлүктүн 32-жылында, мындан эки жыл мурда (12-март 2021-ж.) кабыл алынган элдик Конституциянын негизинде ата-бабаларыбыз калтырган бийик руханий дүйнөбүздүн нарк-насилин, каада-салтын жана тилин-дилин кайра калыбына келтирүү максатында КР президентинин ПЖ №1 жарлыгы менен “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өңүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ №157 жарлыгы жана “КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” ПЖ №319 жарлыгы менен жаңыдан баш көтөрүп иш баштап турганыбызда, өткөн 16-майда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде кыргыз-орус коомчулугунун “Орус тилинин күйөрмандары” катары түзүлгөн өкүлдөрү “2023-жыл – орус тилинин жылы” деген девиздин астында “Орус тили Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн билингвалык чөйрөсүндө” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүштү.
Көпчүлүк инсандарыбызга жана жалпы эле бүткүл дүйнө коомчулугуна белгилүү болгондой, азыркы убакта Россияда орус мамлекетинин ички жана тышкы саясатына каршы эркин оппозиция катары атайын түзүлгөн “ЕльЦин-Центр” коомдук фонду иштейт. Анын максаты – “орус тилин коргоо” саясатына жамынып алып, чындыгында Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тымызын келишпестикти жаратуу. Алардын куратору АКШнын Мамдепи (Мамлекеттик коопсуздук департаменти) тарабынан каржыланат. Алардын максаты – Кыргызстанда ишмердиги чектелген же токтотулган айрым бейөкмөт уюмдары (“Азаттык”, TUZ.kg ж.б.) аркылуу КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишмердүүлүгүнө шек келтирген жалган жана провокациялык материалдарды таратуу. Буга конкреттүү факт катары конференцияга чакырылган белгилүү коомдук ишмер, профессор Чолпон Баекованын чыгып сүйлөгөн сөзүнө көңүл буралы.
“Меня смущает на сегодня, как и ректора нашего университета (имеет ввиду КРСУ), а также и присутствующих моих соотечественников и гостей , скажу прямо, очень странно слышать, когда агенство называется только по развитию кыргызского языка и, господин Осмоналиев, будучи министром правообразования, палец о палец не ударил для того, чтобы развить русский язык и при этом очень странно утверждает, я так мягко скажу, что это никоим образом не притесняет русский язык” деп дайынсыз сүйлөп турганы, албетте, юридикалык билими бар адамга жарашпай турган фарс болуп калды.
Андан ары: “Я 15 лет возглавляла Конституционный суд, до этого была Генеральным прокурором нашей страны и имею непосредственное отношение к утверждению демократических прав и свобод в обществе, чтобы не было никаких противоречий, приводящих наших граждан к ущемлению. Поэтому я прошу вас, Каныбек Капашевич, доложить правительству о состоянии и, в конце концов, начать обсуждение статьи Конституции о необходимости развития официального языка, как имеющего статус международного значения, т.к. Вы же сами выезжая на международные встречи, всегда используете этот язык”.
Бул эмне, чын эле күйгөндүкпү же жасалма популизмби? Анткени эл билет да, биринчиден, убагында жаш юрист Чолпон Баекова президент А.Акаевдин жарлыгы менен 1991-жылдын 24-сентябрында КР прокурору болуп, кийин башкы прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы катары дайындалып, элине эмес шефине “кызмат” кылып келгенин. Сөзүбүз кур болбос үчүн бул факт тууралуу кыргыз элинин өткөн жана бүгүнкү тагдырына тийешеси бар бир эле эпизодго токтоло кетели. Эсиңиздерде болсо керек, илимпоз, демократ-демагог Аскар Акаев үчүнчү жолу президенттикке талапкерлигин коюп жатканда Конситиуциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова дүйнө жүзүнүн эң акылдуу адамы Соломон падышанын чечиминен кем эмес, орустар айткандай, “по закону нельзя, но если очень хочется, то можно” деген чечимин чыгарып берип, кыргыз элинин шоруна калып, каргашалуу Аксы трагедиясына жана андан кийинки үч төңкөрүштүн болуп өтүшүнө түздөн түз себепкер болуп бергенин. Албетте, андай калкыбыздын тагдыры чечиле турган кыйын учурда, ошол элдин алдында жоопкерчиликти сезген жана адилеттүүлүктү туу туткан сот өкүлү болгондо мыйзам ченемдүү адилет чечимин чыгарып, арсыз Акаевдин алкымын тыйып койгондо, сөзсүз Кудай сүйгөн куттуу элибиздин тагдыры таптакыр башка нукта өнүгүп-өсүп кетери шексиз эле... Аны сиз унутуп калсаңыз дагы ал каргашалуу коогалаңдарда курман болгон чырактай уулдарыбыздын ата-энелери, уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү жана жалпы эле кыргыз эли эч качан унутпайт.
Экинчиден, эл аралык маселелерди чечүүдө, мисалы, кыргыз-тажик чек ара маселесин жана Кумтөргө байланыштуу экологияны сактоо боюнча өзүнүн сунушун КР президенти Садыр Жапаров БУУнун атайын чакырылган сессиясында Улуу Британиянын, АКШнын ж.б. ири мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусунда коркпой-үркпөй туруп эле кыргызча сүйлөп, күн тартибине коюлган бардык маселелерин Кыргызстандын пайдасына чечип алууга жетишти. Бул эмнеден кабар берет? Ооба, бул улуу, кеменгер жана даанышман ата-бабаларыбыз мурас катары бизге калтырган ыйык осуят жана каада-салтыбызды бекем карманып, жашообуздун даана далили болуп калды.
Үчүнчүдөн, адамзаттын эң байыркы көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган жана анын рухий байлыгын эң жогорку деңгээлге көтөрүүгө жетишкен улуу кыргыз элини эне тили экени жалпы коомчулукка маалым. Ал биздин “Манас” эпосубуз. Ошол эпосубузду дүйнө жүзүнө даңазалап, ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк таап, анын рухий дүйнөсүн байыткан улуу кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз агабыз болгон. Анын баа жеткис экинчи эрдиги – тоталитардык системанын ашынган шовинисттери совет элин толук орусташтыруу максатында атайын Кыргызстанда илимий-практикалык конференция уюштуруп, аны ишке ашырууну көздөшкөн идеологиялык чыккынчылардын чабуулуна кара башын сайып, каршы туруп берген. Ошол унутулгус 1987-жылдын 5-декабрь күнү Фрунзе шаарында өтүп жаткан республикалык илимий-практикалык конференцияда “Совет элинин интернационализм жолунда өнүгүүсү” боюнча Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгып сүйлөгөн сөзүнө көңүл буралы:
«Для меня только остается загадкой, почему определенные лица и печатные органы изображают зачастую дело так, что население национальных республик, в частности, в Киргизии, якобы недостаточно хорошо говорят по-русски, и бьют по этому поводу ложную тревогу. Мне лично кажется, что такие утверждения выдвигаются определенными силами в республике в качестве контр проблемы, как только речь заходит о необходимости усилий по развитию на местах национальных языков. Мы против таких противопоставлений. Между нашими языками нет антагонизма и даже противоречия нет, в наших условиях каждый язык имеет свое место и ничто не мешает им сосуществовать, принадлежать одновременно каждому из нас. Только не надо намеренно мешать этому процессу, выбегая с криком на дорогу в тоге сверхинтернационалиста!
Мало ли нас, много ли, но именно здесь эпицентр нашего народа. Только здесь, на этой земле, и больше нигде. И этого нельзя забывать, когда идет сопоставление и выяснение так называемого процентного соотношения. Когда иные лица пытаются если не противопоставить, то во всяком случае выдвинуть негативное отношение к потребностям нашей национальной культуры, мотивируя это тем, что существуют-де еще и другие национальные меньшинства, то надо иметь в виду, что у этих меньшинств, с которыми мы живем в мире и согласии уже свыше 100 лет и с которыми у нас не было никаких инцидентов, ничего, кроме дружбы и уважения, у этих народов при всем при том существуют свои, куда более мощные, основные эпицентры культуры, где и сохраняются и развиваются их языки (русский в России, казахский в Казахстане, узбекский в Узбекистане и т.д.).
А если киргизская культура не может состояться на своей земле, то она уже нигде не может состояться. Вот в чем наша небольшая, но самая главная разница, которую следует учитывать, когда они отказывают нам в наших правах быть самим собой у себя дома, на своей родной земле. Только тогда, когда наши достижения обернутся прогрессом духовной культуры и, в том числе, прогрессом национальной культуры, эти усилия обретут свой высший смысл. И это будет конечным торжеством нашего труда».
Ошентип, Кудай сүйгөн кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз агабыз адамзаттын прогрессивдүү өкүлдөрүнүн колдоосунда (“Ысык-Көл форумунун” катышуучулары) кара башын канжыгага байлап коюп, тоталитардык режимдин таш тегирменинин оозунан кыргыз тилин сууруп чыгып сактап калган!
Ал эми азыркы учурда Россиялык “ЕльЦин-Центр” коомдук фонду ошол 1987-жылы Фрунзеде болуп өткөн илимий-практикалык конференциянын шовинисттик идеясын дагы бир жолу көтөрүп, өзүнүн агенттери жана жергиликтүү улуттук чыккынчы нигилисттери аркылуу Жогорку Кеңеште каралып жаткан КР мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамды принципиалдуу түрдө өзгөртүү максатында “Караул! Спасите русский язык!” деген фишканы көтөрүп алышып, көз карандысыз мамлекеттин ички ишине одоно, мыйзамсыз кийлигишип жатышканы, албетте, Чолпон айымдын сүйүктүү фразасын колдонуп, өтө эле жумшак айтканда, бул неошовинисттик демарш – ашынган абийирсиздик эмей эмне?!
Мисалы, сизди өзгөчө тынчсыздандырып жаткан КР мамлекеттик тили жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 1-берене, 4-пункт, 2-подпунктуна кайрылсак: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин милдеттүү колдонулушу КР этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун жокко чыгарбайт же чектөө койбойт” деп так жана даана жазылып турат. Бул берене 1996-жылы 6-июнда сиздин жетекчилигиңиздин астында республикалык Конституциялык соттун отурумунда кабыл алынган 5-берененин 4-пунктуна ылайык принципиалдуу эч өзгөрүүсүз калтырылып, жөн гана жатык кыргыз тилинде жазылган.
Экинчиден, сиздин кыргыз өкмөтүнүн астына койгон талабыңыз: “...в конце концов внести в Конституцию статью о необходимости развития и официального языка наравне с государственным” деген претензияңыз опять таки, “мягко говоря”, эгемен элдин укуктук жана моралдык өзгөчөлүгүнө шек келтирген волюнтаризм болуп калган. Анткени, белгилүү журналист Шайлообек Назаралиев айткандай, “русский язык не нуждается в защите. Это аксиома. Люди изучают другой язык по необходимости или по желанию”. (“СК” В конце недели от 19 мая 2023 г.) .
Буга кошумча катары мен да өз оюмду мындайча айтар элем: “Великий и могучий русский язык не нуждается в защите кыргызов, т.к. у него есть свой эпицетр цивилизации – великая Россия. А нам, кыргызам, надо бы хотя бы поднять с колен свой древний и могучий кыргызский язык, который был растоптан апологетами тоталитарной системы и предан забвению своими же нигилистами интернационального толка во имя лишь только своего благополучия”.
А сиздер “билингвизм” дейсиңер (орусча – двуязычие, кыргызча – кош тилдүүлүк). Тилекке каршы, азыркы учурда Кыргызстандын бардык тармактарында иш кагаздарынын көпчүлүгү орус тилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми кыргыз тилинде болсо азырынча курултайдын жана дин башкармалыгынын иш кагаздары гана жүргүзүлүүдө. Бул, албетте, билингвизмге жатпайт. Буга салыштырмалуу Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. Борбор Азия өлкөлөрүндө билингвизм кадимкидей толук кандуу иштейт. Анткени, убагында союз урап, ар бир мамлекет өзүнчө эгемендүүлүк жарыялап, тил мыйзамын кабыл алып жаткан учурда казак элинин президенти Нурсултан Назарбаев айрым орус тилдүүлөрдүн каршылык демаршын токтотуу максатында “эгерде казак тили кимге жакпаса Казакстандан чыгып кетсин!” деп айтканы бар. Эч ким эч кайда чыгып кеткен жок. Эл тынчып, чогуу иштеп, өнүгүп-өсүп, азыркы учурда дүйнөдөгү өнүккөн 50 өлкөнүн арасында экинчи ондукта. Ал эми Өзбекстандын жетекчилери Рашидов, андан кийинки Каримов мырзалар кандай гана кыйынчылыктар болбосун, өзбек элинин кызыкчылыгын, тилин, дилин, каада-салтын, маданиятын ж.б. жашоо образдарын өздөрүнүн гана көнгөн улуттук салтында сактап келишет.
Ал эми сынчы, акын жана журналист-публицист Салижан Жигитов мырзанын тамаша-чынын аралаштырып, улуттук сарказм менен “кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөйт” деп айтканы бар. Эгерде ишенбесеңиздер, кызыкчылык үчүн деле Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн короолоруна барып, кубалашып ойноп жүргөн жаш балдарыбыздын бири-бири менен кайсы тилде сүйлөшүп жатканына көңүл бурсаңыздар, менимче, баары түшүнүктүү болот. Ооба, азырынча биздин билингвиялык чөйрөбүздүн абалы ушундай. А вы тут говорите о каком-то “билингвизме!” Какой это билингвизм? Это же смешно!
Ошондуктан, биздин урматтуу оппонент айымдар жана мырзалар! Эгерде мүмкүнчүлүгүңүздөр болуп Россияга барып калсаңыздар, “ЕльЦин-Центр” коомдук фондусуна атайын кирип, айтып койсоңуздар болот: “Господа, русофилы! Пожалуйста, успокойтесь, т.к. еще 100 лет большая часть населения Кыргызстана будут говорить только на русском языке” деп. Албетте, бул “айыкпас русофилдердин” дарегине айтылган тамаша сөз. Ал эми чындыгында, сөздүн төркүнүн түшүнгөн, билген, өз элин сүйгөн, күйгөн жана эне сүтүн эмип, эне тилинде сүйлөп көнгөн адам үчүн анын уул-кыздары же небере-чөбөрөлөрү өз эне тилин билбей, түшүнбөй, тунжурап, же болбосо башка бир тилде тантырап сүйлөп турганын көргөндөн артык тозок болбосо керек (!) бул дүйнөдө. О, Кудай анын бетин ары кылсын дейличи! А сиз кандай деп ойлойсуз? Ооба, мен да ошентип ойлойм.
Айтайын дегеним, мен бул оюмду мындай пессимисттик маанайда бүтүрбөй, бир аз сабырдуулук кылып, дагы бир аз ишибизди алдыга жылдырып, жакшылыкка ишеним артып, тандап алган жолубуздан тайбай, өз ишибизди ишенимдүү уланта берсек, Кудай буюрса, жеңишибиз да алыс эмес. Чынында эле кыраан кыргыз элибиздин уул-кыздары ар дайым өзгөчө кыйынчылыктарда кыйын болушат эмеспи. Ошондуктан кыраан уул-кыздарыбызга Кудайдан күч-кубат тилеп, иштерине ийгилик каалап, колубуздан келишинче колдоп турсак, баары өз убагында ишке ашары шексиз. Мен буга ишенем.
Теңир сүйгөн куттуу элиме терең урматым менен











