Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыйкатчы камактагы аялдардан кабар алды

Акыйкатчы камактагы аялдардан кабар алды

01-ноябрь, 15:13
262 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Клара Сооронкулова менен жолуктум, «кармалган жайда чогуу турган айымдардын баарына укуктук консультация, жардам бер» дешти. Орозайым Нарматовага да жолуктум. Туугандарына, өзгөчө атасына «салам айтып коюңуз, көп кайгырбасын» деди» деп жазды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу «массалык башаламандык уюштурууга даярданды» деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Аларды бошотуу өтүнүчү менен жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер бийликке кайрылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер