Министр Кулубаев тышкы саясатты аксатып, коллективи менен уруша баштаганы кабарланды


Кыргыз дипломатиясында “жарк” эткен иши көрүнбөгөн, коомчулукка анчалык белгилүү эмес Жээнбек Кулубаев ТИМди жетектеп отурат. Жердиги Ысык-Көлдөн. Министр болгондон бери тышкы саясатты жакшыртууга кандай салым кошуп атканын билбейбиз. Россия, Кытай сыяктуу державалар, ж.б. мамлекеттер менен карым-катыш, байланыштар тоңгон муз сыңарындай турат. Дипломатиялык алакалар боюнча жарытылуу маалыматарды окуй да элекпиз. Тек гана күтүү, белгисиздик... А ТИМдеги булактарыбыз билдиргендей, Жээнбек Кулубаев коллективине каскак болуп, кагып-силкип, уруша бергени талкууга алынууда. Масштабдуу алкакта ишти алып кете албай майдаланып, үлгү көрсөтө албай, айтор, чайналып атканын кабарлашты. Азыркы учурда эч нерсени жашыра албайсың. Тышкы саясатыбыз аксап, расмий сапарлар буулуп, тунжурап эле калдык го? Инвестиция тартуу түшкө да кирбегеничи? Министр мындай чабал түрү менен мамлекетибизди артка тартып, элибиздин шоруна калбайбы? Кантебиз? Же бир кыпындай ийгилиги болсо айткылачы?
"Азия Ньюс" гезити











