Дүйнөлүк кризистен чыгуунун жолун издейли
Мамлекеттик башкарууда Владимир Путин менен Садыр Жапаров жүз эсе жогорку деңгээлдерин көрсөтүшүүдө. Россияга каршы атылып жаткан ракеталарга керектүү зат сурьма аз санда Аргентинада өндүрүлсө, көпчүлүгү Тажикстандан чыгарын орус саясатчылары айтары менен В.Путин Э.Рахмон менен келишим түзүп кеткенге үлгүрдү. АКШнын ракета чыгарган заводдору кризиске учурап иштебей калышса, керектүү сурьма жок болсо, өжөрлөнгөн Джо Байден рогатка менен деле аткылай берет көрүнөт. Эгер “бул зат бизде да бар” деген кыргыз коррупционерлери чыга калышса, Камчыбек Ташиевдин камчысы даяр экени белгилүү.
Айта кетчү нерсе, 30 жылдан бери АКШнын жетегинде калган кыргыз экономикасы талкаланып бүттү. Экономиканын өзөгүн түзгөн Кумтөр алтынын канадалыктар алдап кеткенине карабай, Садыр Жапаров кайтарып алып, элди ыраазы кылды. Бирок коррупциялык жана мафиялык өкмөт Кыргызстанды жок кылууга аракеттенүүдө. Кыргыз экономикасын какшытып келаткан экономисттин айтымында, Кытайдын карызынан кутулуш үчүн стратегиялык объектилерден айралабызбы? Экономисттин коррупциялык долбоорлорун аткарган кыргыздар бир жылдан бери жок нерселерди айтып отурушуп, аягында казинолорду, сойкуканаларды аңдып отурушат. Максаты – казинонун арткы эшигинен кирип бараткан кыргыздарды кармап алып “кустуруп”, чөнтөктөрүн кампайтып алуу. Салыктын түрлөрүн көбөйтүп, бечара кыргыздарды сыгып алгандан мамлекет өнүгүп кеткен жок. Болгону бир ууч мафия Кудай ургандай “семирди”. Кыскасы, карышкырга кой кайтарткан кыргыздар жарыбай калыштыбы?
Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн премьер-министр болгондо, эч кандай үлүш алынбаган Жерүй алтын кенин орус олигархтарынан тартып алып, Кытайга карматса, карыз жабылат эле го? Кыргыздарды 100% алдап кеткен орус олигархтары 105 тонна алтын казып кетишип, 4,2 миллиард доллар пайда көрүшсө, бечара кыргыздардын үлүшү болбогондуктан бир дагы сом пайда көрбөгөнү кандай? 30 жылдан бери шорго баткан кыргыздарга ким жардам берет? Жогоруда айтылган коммунисттик система болгондо бүгүнкү Кыргызстан Россия менен Кытайдын деңгээлиндеги өнүккөн күчтүү мамлекет болмок. Президент Садыр Жапаров марксизм-ленинизм институтун түзүп берсе, коммунист Исхак Масалиев, экс-президент Алмазбек Атамбаев тажрыйбалуу, такшалган инсан катары жардамга келишип, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен бирдикте Кыргызстанды кризистен чыгара алышат. Кыргызстандын мындай политбюросун элибиз толугу менен колдойт.
Зарлык Дыйканбаев
"Азия Ньюс" гезити