Кайрат Осмоналиев: “Акылбек Сариев этиканы бузуп, БШКны жамандап жүргөн”
-- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова өз ыктыяры менен кызмат ордунан бошонуп, аны Жогорку Кеңеш колдоп берди. Ордуна БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин келери айтылууда. Акыркы убакта БШКнын азыркы курамына, төрайымына курч сындар айтылууда. Сиздердин курам ишин кандай улантып жатат?
-- Биз 2016-жылы шайланганбыз. Ошол жылы 3-июлда ишибизди баштаганбыз. Бизде өз ыктыяры менен эле кетпесе, ошол адамдарын сунуштаган ар кайсы фракциялар иштен четтете албайт. БШКга төрт адамды президент сунуштаган, төрт киши оппозициядан келген. Кайсы фракция сунуштаса, ошол эле фракция кайра квотасы менен сунуштай алат. Атыр Абдрахматова ошол “Республика – Ата Журт” фракциясы аркылуу келген. Эми аталган фракциянын сунушу менен БШК мүчөсү кабыл алынат. Акылбек Сариев мурда БШКнын төрагасы болуп иштеген. Акыркы учурда этиканы бузуп, БШКнын азыркы курамын жамандап жүргөн адам. Келсе иштешебиз, бирок ал өтө аша чаап кеткенин да байкап жүрөбүз.
Президенттик, парламенттик шайлоонун учурунда БШКнын жумушу токтобошу керек. Процесс жүрүп жатканда БШКны иштен четтетүү туура эмес.
"Азия Ньюс" гезити