Акыркы кабарлар
» Саясат » Зеленський НАТОго кирүү маселесинде көңүлү калганын айтты
Зеленський НАТОго кирүү маселесинде көңүлү калганын айтты
09-март, 11:53

Украинанын президенти В.Зеленський Украинанын НАТОго кирүү маселесинде көңүлү калганын билдирди. Бул тууралуу түз эфир маалында айтты.
“НАТОго кирүү жөнүндө айтсам, НАТО Украинаны кабыл алууга даяр эмес экенин түшүнгөндөн кийин, бул маселеге көңүл кош мамиле кыла баштадым. Альянс РосОсия менен карама-каршылыктардан жана тирешүүдөн коркуп жатат” деп белгиледи президент. Ошондой эле Киев эч качан Брюсселден "тизе чөгөлөп" суранбай турганын баса белгиледи.
Эске салсак, 4-мартта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг уюмга мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын билдирген. Эгер НАТО Украинадагы кырдаалга аралашса, чоң согуш жараларын жана Россия менен согушуу максаты жок экенин белгилеген.