Акыркы кабарлар
» Саясат » Эртеби-кечпи Тынчтык Шайназаров ыңгайсыз суроолорго үн катышы керек
Эртеби-кечпи Тынчтык Шайназаров ыңгайсыз суроолорго үн катышы керек
11-апрель, 20:21


Өткөн парламенттик шайлоодо БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров кыйла ызы-чуунун коштоосунда калып, аламан күрөштү араңдан зорго жыйынтыктаганы эсибизде. Коомчулукка терс каарман катары көрүнүп, сын-пикирлерди жаратканы, азыркыга чейин нааразычылыктар айтылып келгени бекеринен эместир. Мындай кадр кантип президенттик шайлоону өткөрөт? Моралдык жагынын кесепети тийбейби? Эске салсак, буга чейин ЖМКлар жазгандай, Тынчтык Шайназаров убагында баңгизат менен кармалган беле? Бул боюнча Жылдыз Жолдошова баштаган саясатчылар, журналисттер айтып келишти го? “Унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” демекчи, Тынчтык Шайназаров өзү эмнеге үн катпайт? Эртеби-кечпи ыңгайсыз соболдорго жооп бериши керек да...











