Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ордо калаада белгисиз вирус тарап жатабы?

Ордо калаада белгисиз вирус тарап жатабы?

27-март, 12:13
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова Бишкекте белгисиз вирус тарап жатат деген маалымат боюнча жооп беришти.

Адистер Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан маалымат жыйынына катышкан.

Буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.

"Тааныштарымдын көбү ооруп, дене табы 39 градуска чейин жетип жатканын айтышууда. Ошондой эле тамактары ооруп, жөтөлүп, денеси оорлошуп жатканын кошумчалашты. Белгилери коронавирустукуна окшош, бирок алар жайында андан айыгышкан. ПЦР-тесттери да терс чыгууда. Бул коронавирустун жаңы штаммыбы же жыл сайын кайталанган курч респиратордук инфекциябы?" — деп жазган Исмаилов.

Рыскулбекованын айтымында, октябрдан мартка чейин Бишкекте курч респиратордук вирустук оору адаттан тыш көп катталган эмес.

"Мониторинг жүргүзүлүп, пробалар алынып, санэпидем көзөмөл борборуна жеткирилүүдө. Быйыл да былтыркыдай сасык тумоо аныкталган жок. Коронавирус жана башка аденовирус, риновирус жана респиратордук-синциталдык вирус деген респиратордук инфекциялар аныкталды", — деди адис.

Журналист сасык тумоолоп калгандардын айрымдары коронавирус деп ойлоп жатканын айтып, оору оор өтүп жатканын белгилеген. Ал адистерден бул сасык тумоонун мутацияланган түрү эмеспи (?деп сураган.

"Сасык тумоо учурлары катталган жок. Бул вирустук инфекция. Эгер адамдар бул коронавирус деп ойлосо же оору оор өтүп жатса, анда call борбордун 118 номерине чалса, атайын бригада келет", — деди Исмаилова.


“Спутник”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер