Акыркы кабарлар
» Коом » Алматыдагы өлүккананын алдында ондогон адамдар топтолуп турат
Алматыдагы өлүккананын алдында ондогон адамдар топтолуп турат
10-январь, 16:52
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Алматынын Казыбек көчөсүндө жайгашкан өлүккананын алдында 10-январда ондогон адамдар топтолуп турушат.
"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти билдиргендей, топтолгондордун арасында башаламандыктар маалында дайынсыз жоголгон туугандарын издегендер жана жакындарынын тек-жайын билүү үчүн келгендер да бар.
Буга чейин атайын кызматтын өкүлдөрү агасын издеп жүргөн активист Дархан Уалиевди кармап кеткен бойдон коё бере элек.
Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болгонун билдирген. 9-январда саламаттык сактоо министрлиги 164 адам көз жумганын маалымдап, кийин бул санды «техникалык ката» деген шылтоо менен жокко чыгарган.
10-январь Казакстанда аза күтүү күнүү деп жарыяланган.