Анарбек Катаганов, “Улуу Журт” партиясынын төрагасы: “Өзүнөн кийин күчтүү саясатчыларды калтыруу – бул президенттин мурасы”
-- Жаш саясатчылардын камалышы, аларга болгон куугунтуктоо тууралуу көп пикирлер айтылууда. Сиз дагы ошол жаш саясатчылардын катарында жүрөсүз, бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Күчтүү президент жаш саясатчылардын тиштери курч болуш үчүн өзүн “тиштетет”. Кыргызстанда толук жарамдуу саясый мектеп жок. Биз ар кимибиз өзүбүздү оппозицияда, орундуу саясатчылардын тегерегинде, шайлоолордо, митингдерде издеп жатабыз. Жаш саясатчылар өздөрүн көп убакыт бою издешет, ошондуктан акылдуу президент алардын сын сөздөрүн көтөрө алат. Коркутуп-үркүтүп, компромисс издейт, бирок отургузбайт. Биз Сооронбай Шариповичтин учурунда митингге чыкканбыз, бизге ал чыдады. Алмазбек Атамбаев бизди кекетти, бирок резиденцияга өз ара сүйлөшүүгө чакырчу. Өз тажрыйбама байланыштуу, мен кээ бир саясатчыларга оюмду өзгөрттүм. Биз “дүжүр” жаштарды да көрдүк. Өзүнөн кийин күчтүү саясатчыларды калтыруу – бул президенттин мурасы.
-- Жалпы эле камакта жаткан саясатчылар жөнүндө эмне айта аласыз?
-- Эски саясатчылар бийлик бутагында жүрүшкөн. Алар ошол жерде иштеп жүргөндө канчалык деңгээлде туура эмес ишке аралашканын биз билбейбиз да. Ошондуктан бул жерде башка дагы оюндар бар. Бирок, бизге алар тууралуу эч нерсе белгисиз. Алар кандайдыр бир компромисске келишпеген үчүн камакка кирип атат (!) деген ойдомун.
Мээрим Асанова