Эгерде Бөлтүрүккө карата “кол ийрисине тартса” катуу шек кетет...

Эсептөө палатасы май айында Кумтөргө текшерүү иштерин баштап, жыйынтыгы жарыяланбай жатып, аз күн мурун маалымат беришти. Натыйжада, каржылык мыйзам бузуулар орун алып, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталган. Азырынча канча суммага мамлекетти чыгашага келтиришкенин ачыкташа элек. Чуулгандын башталышы менен Кумтөр компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рысбек Токтогулов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан ары УКМК, ИИМ, башкы прокуратура, эсеп палатасы менен биргеликте текшерүү иштерин улантышары кабарланды. Негизи Бөлтүрүктүн иши башынан эле күңүрттөшүп, коомчулукка ачык болбой келген. ЖМКлар айкындуулукту талап кылганынан майнап чыкпай, бүгүнкү күнгө чейин жабык өндүрүш катары сыпатталганын кандайча чечмелейбиз? Ток этерине келсек, иш жүзүндө Бөлтүрүк каржылык чыр-чатакка аралашууда. Эми коррупцияга каршы күрөштүн негизинде жоопкерчиликке тартылабы, же калкаланып калабы? Эгерде “кол ийрисине тартса” катуу шек кетет. Көп нерсени чечмелегенге убакыт келди окшойт. Бийликтин саясый беделине Бөлтүрүктүн шектүү жүрүштөрү сокку урабы?
"Азия Ньюс" гезити